Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңеши түзүлдү

11-Январь 2021-ж.
3613

Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги жана Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ)  ортосундагы түзүлгөн “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча Макулдашуунун алкагында, бул долбоордун ишин коомдук байкоо менен камсыз кылуу максатында Байкоочу кеңеши түзүлдү.

Байкоочу кеңештин түзүмүнө, жеке секторду туруктуу өнүктүрүүгө, “жашыл” экономика маселелерин илгерлетүүгө катышкан мамлекттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

Эске сала кетсек, бул долбоорду ишке ашыруу боюнча Макулдашууга
 2020-жылдын 22-сентябрында кол коюлган. Долбоордун максаты үч сектордо туруктуу өнүгүүгө жардам берүү болуп саналат:   мөмө-жемиштерди өндүрүү, мал багуу жана туризм.

Долбоор алкагындагы иштер үч багытта жана деңгээлде алынып барат:

өкмөттүк – “жашыл” экономика саясатын илгерлетүү;

ишкердик – туруктуу жана экологиялык негизде иштеген ишканаларды өнүктүрүү;

коомдук – жашыл экономика туралуу жана аны колдоо боюнча жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу