Министр Т. Сариев кыргыз тил күнү менен министрликтин борбордук аппаратын куттуктады.

Новости
23-Сентябрь 2013-ж.
2408

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев өзүнүн куттуктоосунда, адам баласы жаралгандан эненин сүтү менен кошо агылып бүткөн боюна, жашоо турмушуна сиңип кирип, жан дүйнөнүн бийиктигине жараша уккулуктуу, мукам, акыл берметинин, керемет дүйнөнү таанып билүүнүн куралы, адам баласынын ортосундагы мамилелердин ачкычы болгон эне тил.

Тилибиздин улуулугу, байлыгы, көркөмдүгү менен ооздон-оозго өтүп жаралган кыргыз элинин рухунун туу чокусу болгон «Манасты» жараткан эне тил.

Кыргыз элинин түпкүлүктүүлүгүн, элдүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн сактап калуунун жалгыз куралы эне тил. Башкалардын алдында бийиктикке көтөрүп, барктап кадырлап алчу эне тил.

Кылымдарды карытып, улуу жүрүш- кыргыз көчүн улап, кылымдан-кылымга кыргыз эли бар экендигин даңазалап, элибиздин эртеңи үчүн кызмат кылып, дүйнөгө таанытат, -деп белгилеп өттү.

Эл- жерибиз аман, келечегибиз кең болуп, эртеңкибиз жыргалчылык менен коштолсун!

Дагы бир ирээт майрамыңыздар менен!

Министр Т.Сариев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу