Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын МЖӨ маселелери боюнча потенциалын жогорулатуу

Новости
21-Декабрь 2020-ж.
2779

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги МЖӨ чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу алкагында, Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) колдоосу менен 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында APMG программасы боюнча МЖӨ негиздери биринчи деңгээлдеги онлайн тренинг уюштурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча 12 катышуучу окутуу программасынан ийгиликтүү өтүшүп, кесиптик МЖӨ катышуучуларынын эл аралык сертификатына (CP3P) экзамен тапшырышты жана тиешелүү квалификацияны алышты.

Мындан тышкары, төмөнкү темалар боюнча “МЖӨ-функционалдык экспертиза” онлайн окутуу программасы уюштурулду:

1. Финансылык моделдөө жана Долбоорду каржылоонун негиздери, 10-11-декабрь, 2020-жыл.

2. Функционалдык долбоорлоо методдору, 17-18-декабрь, 2020-жыл.

Бул тренингди уюштурууга Улуу Британия, Казакстан, Латвия жана Россия сыяктуу өлкөлөрдүн CP3P сертификацияланган тренерлери тартылган.

Программа МЖӨ чөйрөсүндөгү эксперттин функционалдык багыттары боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө багытталган.

Тренингдердин жыйынтыгында 24 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сертификаттарга ээ болушту


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу