“Суюк жана газ түрүндөгү көмүр-суутектерди ташуу үчүн магистралдык түтүктөргө талаптар жөнүндө” ЕАЭБ техникалык регламенти бекитилди

Новости
24-Декабрь 2020-ж.
3109

2020-жылдын 23-декабрында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тарабынан “Суюк жана газ түрүндөгү көмүр-суутектерди ташуу үчүн магистралдык түтүктөргө талаптар жөнүндө” Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенти бекитилди.

Техникалык регламенттер долборлоодо суюк жана газ түрүндөгү көмүр-суутектерин ташуу үчүн магистралдык түтүктөргө карата милдеттүү талаптарды, (анын ичинде инженердик изилдөө), курууну (реконструкциялоо), эксплуатациялоону (кабыл алуу жана эксплуатациялоо, консервациялоо), утилдештирүүнү (жоюу) колдонуу жана аткаруу, ошондой эле алардын шайкештигин баалоо эрежелерин белгилейт.

Техрегламенттин талаптары төмөнкү объекттерге жайылтылбайт: техрегламент күчүнө кирген күнгө чейин пайдаланууга киргизилгендер; техникалык регламент күчүнө кирген күнгө (21.07.2021.) чейин бекитилген же мамлекеттик экспертизага жөнөтүлгөн долбоордук документацияга ылайык жүргүзүлүүчү курулуш (реконструкция).



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу