Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлыктарды тапшыруу аземи

Новости
24-Декабрь 2020-ж.
2224

2020-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде 2019-жылы Продукциянын жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин сыйлыктарын издөө конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи онлайн форматта болуп өттү. Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алыбаев Автандил Шейшенбекович тапшырды.

Салтанатты Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары – С.И.Иванов ачып, 2019-ж. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги сыйлыгынын лауреаттарын жана диплом ээлерин продукциянын жана тейлөө сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн куттуктады. Ошондой эле, ал КМШ алкагында жүргүзүлүп жаткан сапат боюнча иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлыгын издөө конкурсунун лауреаттары жана дипломанттары КМШ Экономикалык Кеңешинин 2020-жылдын 13-мартындагы “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 2019-жылдын Продукция жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлыгын берүү жөнүндө” Чечими менен аныкталат жана конкурстун лауреаттары жана дипломанттары наамдары Кыргыз Республикасынын төмөнкү ишканаларына ыйгарылды:

- “Кыргыз Коньягы” ЖЧК - КМШ сыйлыгынын лауреаты;

- “Эмилия” ЖЧК - КМШ сыйлыгынын лауреаты;

Компания Манас Менеджмент»” ЖАК - КМШ сыйлыгынын дипломанты.

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алыбаев Автандил Шейшенбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргызстандын ишкерлеринин жетишкен деңгээлин таануунун символу катары дүйнөлүк рыноктун шарттарында атаандаштык күрөштүн факторун аныктоочу ата мекендик продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл бурат - деп белгиледи.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлыктарын издөө конкурсу КМШга катышкан мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы чечимине ылайык түзүлгөн.

КМШ продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлыктарын издөө конкурсун өткөрүүнүн максаты:

• КМШга катышкан мамлекеттер тарабынан өндүрүлүүчү продукциялардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

• КМШга катышкан мамлекеттердин уюмдарынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

• жогорку сапаттуу азыктарды өндүрүүгө дем берүү же КМШга катышуучу мамлекеттерде жогорку сапаттуу кызмат көрсөтүү жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизүү.

КМШ сыйлыгына катышуу уюмдардын өзүн-өзү баалоо жолу менен ишин өркүндөтүү, сапат маданиятын жогорулатуу, продукциянын сапатын, атаандаштыкка туруктуулугун жана уюмдардын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Сыйлыктарды издөө конкурсунун лауреаттары сыйлык берилгенден кийин 3 жыл аралыгында сыйлыктын логотибин жарнамалык максаттарда пайдалануу укугуна ээ болот.

                                                                                  

Ошондой эле, жогорку сапаттагы продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун стимулдаштыруу, натыйжалуу менеджменттин методдорун киргизүү максатында КМШга катышкан мамлекеттердин уюмдарында продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин сыйлыгын 2021-жылы алууга конкурс жарыяланды.

Кошумча маалымат алуу үчүн 66-04-08, 66-22-81 телефондоруна кайрылыңыздар.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу