Бишкекте, тажрыйба алмашуу жана Россиянын рыногуна мода продукциясынын чыгуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча ачык жолугушуу болуп өтөт.

Новости
18-Сентябрь 2013-ж.
2427

2013-жылдын 19-сентябрында саат 14:00дө Кыргызстандын тигүү компанияларынын жарманкеде катышууда алган тажрыйбасы менен бөлүшүү, Россиянын кийим рыногу жаңы деңгээлге – модалуу продукциянын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү, аны менен бирге жарманкенин эгидасында болуп өткөн “Россиялык модалуу продукцияны чекене сатуу” форумунда көрсөтүлгөн РФ рыногу жөнүндө берилмелердин презентациясы боюнча “Россиянын мода продукциясынын рыногуна чыгуу. Сollection Premiere Moscow катышуу тажрыйбасы” аттуу ачык жолугушуусу болуп өтөт.

Эл аралык соода борбору ВТО/ЮНКТАД аркылуу ишке ашып жана Швейцария Өкмөтү менен каржыланып жаткан “Кыргыз Республикасында сооданы илгерилетүү” программасынын колдоосу менен кыргыздын тогуз тигүүчү иш канасы, программанын өнөктөрү Россиянын жана Чыгыш Европанын фэшн – өнөр жайынын “СРМ - Collection Première Moscow” аттуу эң кадырлуу көргөзмөсүнүн бирине катышып келишти, ал 2013-жылдын 4-сентябрынан 7-сентябрына чейин Москва шаарынын борборунда болуп өттү.
Көргөзмө тууралуу: СРМ 21-көргөзмөсү Чыгыш Европада жана КМШда кийимдердин жана фэшн - продукциянын эң ири көргөзмөсү болуп саналат, анын жалпы аянты 58,000 м2 түзөт; көргөзмөгө 19,000 ашык адистер – чекене тармактар жана байерлер катышышкан; дүйнөнүн 34 мамлекеттеринин ичинен 1,600 бренддер көрсөтүлгөн; 9 улуттук павильондор көрсөтүлгөн – алардын ичинен 8 Европанын өлкөлөрү (Италия, Германия, Испания) жана 1 Кыргызстан менен көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын командасы: Кыргызстандын 9 тигүүчү компаниясы – тармактын чыгаандары; “Made in Kyrgyzstan” белгиси менен чоң көрсөтмө стенди – 62 м2; продукциянын кеңири түркүмү (ассортименти) көрсөтүлгөн, алар: аялдын көйнөктөрү, юбкалары, бешманттары жана жакеттери, плащтары жана пальтолору, трикотаж буюмдары, балдардын кооздолгон көйнөктөрү; Кыргызстандын стендинин дизайны мода жана кийим тармагындагы алдыңкы дизайнери Дильбар Ашимбай айым менен даярдалган.

“КР сооданы илгерилетүү” программасынын негизги максаты болуп мамлекеттин сапат инфраструктурасын жакшыртуунун жана алардын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуунун аркасы менен тигүү өнөр жайынын, кичи жана орто текстиль иш каналарынын экспортун диверсификациялоого жана кеңейтүүгө кол кабыш кылуу саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу