Экономика министрлигинде инвесторлордун ишенимин жогорулатуу боюнча видео-конференция өттү

Новости
22-Декабрь 2020-ж.
3148

2020-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасында туристтик сектордун өсүшүнө жана инвестициясына көмөк көрсөтүү боюнча эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) долбоору “Инвесторлордун ишенимин жогорулатуу – эл аралык инвестициялык макулдашууларды колдонуу” темасында видео-конференция өткөрүштү. IFC долбоору Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланат.

Конференциянын максаты - инвесторлордун укуктарынын корголушу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын учурдагы эки тараптуу инвестициялык келишимдеринин заманбап инвестициялык келишим стандарттарына шайкештиги боюнча терең талдоо жүргүзүү.

Конференциянын максаты - инвесторлордун укуктарын коргоо жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын бардык учурдагы эки тараптуу инвестициялык келишимдеринин заманбап инвестициялык келишим стандарттарына шайкештигин терең талдоону презентациялоо. IFC долбоорунун эксперттери инвесторлордун укуктарын коргоодогу ийгиликтүү эл аралык тажрыйба жөнүндө айтып беришет, ошондой эле инвестицияларды мамлекеттин чегинде жана чет өлкөлөрдө коргоо жана илгерилетүү боюнча эл аралык укуктук документтерди даярдоо жана кароо боюнча негизги маселелерди талкуулашат.

Инвестиция үчүн өлкөнү тандоодо инвесторлор өлкөдө бизнес жүргүзүү шарттарын жана жол-жобосун аныктаган бир катар жагдайларды талдайт, тиешелүү рынокко чыгуу жана ал боюнча өз ишин жүргүзүү жол-жоболорун баалашат. Мындай талдоонун алкагында инвесторлорду жана алардын инвестицияларын коргоого олуттуу маани берилет. Улуттук жана эл аралык деңгээлде инвестицияларды сактоо жана коргоо боюнча натыйжалуу механизмдердин бар болушу өлкөнүн рыногуна чыгуунун негизги критерийлеринин бири болуп саналат.

Азыркы учурда, дүйнөлүк пандемия жана экономикалык өзгөрүү шартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга бардык күч-аракеттерди жумшоодо. Инвестициялык саясат жана инвесторлордун укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык тажрыйба бул максатка жетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берет жана Кыргыз Республикасынын жалпы инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Конференциянын катышуучуларынын арасында мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу