11-МИКРОРАЙОНДОГУ КАРЬЕРДИН АЙМАГЫНДА КӨП ФУНКЦИОНАЛДУУ БОРБОРДУН ДОЛБООРУ БОЮНЧА ЖЕКЕ ДЕМИЛГЕ ЖӨНҮНДӨ СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ ҮЧҮН ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТӨРДҮ ТАРТУУГА БОЛГОН КЫЗЫКЧЫЛЫКТЫ БИЛДИРҮҮ ТУУРАЛУУ КУЛАКТАНДЫРУУ

Новости
21-Декабрь 2020-ж.
2208

Бишкек шаарынын мэриясы МЖӨ борбору менен биргеликте 11-микрорайонундагы карьердин аймагына көп функционалдуу борбор куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга ниеттенип жаткандыгын маалымдайбыз.

Бул объект Бишкек шаарынын түштүк пландаштыруу аймагында жайгашкан, карьердин аянты 7,51 га.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын 30.08.2016-ж. №260-б буйругу менен мыкты чечимдерди иштеп чыгууга ачык конкурс жарыяланган. Аталган конкурстун долбоорлорун баалоонун жыйынтыгында аймакты куруунун эң мыкты долбоордук сунушу менен жеңүүчү аныкталган.

Учурдагы долбоор 5000 орунга чейинки концерттик залдын жана спорт комплексинин курулушун камтыйт. Ошону менен бирге участоктун аймагы инвестордун каалоосу боюнча башка коммерциялык пайдалуу объекттерди курууга мүмкүнчүлүк берет.

Участоктун Бишкек шаарынын калк жыш жайгашкан райондорунун биринде жайгашкандыгына, ошондой эле райондун активдүү өнүгүп жаткан инфратүзүмүнө байланыштуу комплекс жетишерлик сандагы келүүчүлөрдү тартууга мүмкүндүк берет.

Бул долбоорду ишке ашырууну мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу жолу менен ишке ашыруу пландалууда.

Ушул кулактандыруу “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” КР Мыйзамынын алкагында жеке демилге жөнүндө сунуштарды берүү үчүн кызыкдар тараптарды тартуу максатында берилет.

Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигин эске алып, иштеп жаткан карьердин ордунда комплекстин курулушун жеке инвестицияларды тартуу жана мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгү аркылуу жүргүзүү пландаштырылууда.

Ошентип, бул демилгенин алкагында төмөндөгүлөр пландалууда:

  • Көп функционалдуу комплексти жана ага байланыштуу инфраструктураны куруу;
  • Жеке же карызга алынган каражаттарды пайдалануу менен каржылоону жүзөгө ашыруу;
  • Комплекстүү башкарууну ишке ашыруу;
  • МЖӨ келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин (30 жылга чейин), жеке өнөктөштөн объектти пайдалануу укугу токтотулат, бирок келишимде каралган учурларда МЖӨ келишиминин мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Долбоордун идеясына жана МЖӨ жол-жоболоруна байланыштуу бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясына же Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы МЖӨ борборуна төмөнкү номурлар аркылуу кайрылсаңыздар болот:

МЖӨ Борбору: (0312) 66-47-83

Бишкек ш. мэриясы: (0312) 32-52-94; 32-52-94


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу