Бүгүн Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун Байкоочу кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү

Новости
18-Декабрь 2020-ж.
2919

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Р.А.Сабировдун төрагалыгы астында Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы №356-б буйругу менен бекитилген) Байкоочу кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Р.А.Сабиров, КР Президентинин аппаратынын, КР Өкмөтүнүн аппаратынын, КР Экономика министрлигинин, КР Финансы министрлигинин, КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү.

Байкоочу кеңештин жыйынын КР Вице-премьер-министри Р.А. Сабиров ачты. Жыйындын жүрүшүндө КР Экономика министринин орун басары А.Ш.Алыбаев тарабынан Ош облусунун жана Ош шаарынын “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоору презентацияланды, ошондой эле долбоордун координатору А.А.Кадыров Ош облусунун жана Ош шаарынын “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын долбоорун презентациялады.

Аны менен катар жыйындын жүрүшүндө АРИС менен Ош жана Өзгөн шаарларынын мэрияларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду

Маалымат катары.

2020-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Ош облусунун жана Ош шаарынын “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоору боюнча 2020-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Каржылоо жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирген.

Макулдашуунун максаты - Дүйнөлүк Банкка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө туризм жана айыл чарба жаатындагы максаттуу иш-чаралар жана Ош облусу менен Ош шаарында институционалдык потенциалды жогорулатуу аркылуу экономикалык жана региондук өнүгүүнү бекемдөөдө колдоо көрсөтүү

Бул Макулдашуу Ош облусунун жана Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү орунду ээлейт, жумушчу орундарды түзүүгө, жакырчылыкты кыскартууга, айыл чарба продукцияларынын нарк чынжырчаларын түзүүгө жана өнүктүрүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө жардам берет.

Ош облусунун жана Ош шаарынын “Региондукк экономикалык өнүгүү” долбоору жеке сектордун өнүгүүсүн стимулдаштырууга жана региондук өнүгүү борбору катары кызмат кыла турган шаардык борборлордун потенциалын жогорулатууга басым жасап, региондук экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталат.

Долбоордун жалпы наркы - 60 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен МАР кредити 30 млн АКШ долларын, МАР гранты 30 млн АКШ долларын түзөт.

Кредиттин мөөнөтү 38 жыл, анын 6 жылы жеңилдетилген мезгил. Пайыздык чени - жылдык 0,75%.

Ишке ашыруу мөөнөтү - 2021-2026-ж.ж. (5 жыл).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу