Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде “Нефтетрейдерлер бирлиги” юридикалык жактар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Новости
18-Декабрь 2020-ж.
3204

2020-жылдын 17-декабрында КР Экономика министрлигинин жетекчилиги “Нефтетрейдерлер бирлиги” юридикалык жактар ассоциациясынын аткаруучу директору К.Эшатов менен Бажы бирлигинин “Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка коюлган талаптар жөнүндө” (ББ ТР 013/2011) техникалык регламентин колдонуу тартибине байланыштуу жолугушуу өткөрдү.

Министрлик Евразия экономикалык комиссиясына берилген бензинге жана дизелдик отунга шайкештикти баалоо документтерин берүү мөөнөтүн улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык 2025-жылдын 12-августуна чейин узартуу жөнүндө документ боюнча түшүндүрмөлөрдү берди. Бул 12-августуна чейин 2025-жылга чейин ата мекендик өндүрүүчүлөр улуттук мыйзамдарга ылайык продукция өндүрө алат дегенди билдирет.

Мында Кыргыз Республикасына БС ТР 013/2011 техникалык регламентине ылайык келген, башкача айтканда, К4 жана К5 экологиялык класстан төмөн эмес күйүүчү май ташылып келүүгө тийиш.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тараптуу түшүнүктү жоюу максатында, чечимдин долбоорунда бензинге жана дизелдик отунга шайкештикти баалоо документтерин берүү үчүн өткөөл мезгилди 2025-жылдын 12-августуна чейин узартуу Кыргыз Республикасынын мунай иштетүүчү заводдоруна гана тиешелүү экендигин көрсөтүү чечими кабыл алынды.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу