КР Экономика министри С.Муканбетовдун өлкөлөрдүн ДСУга кошулуусу боюнча 9-Кытай тегерек столунун жүрүшүндө видео кайрылуусу

Новости
15-Декабрь 2020-ж.
2067

2020-жылдын 11-декабрында виртуалдык форматта өлкөлөрдүн ДСУга кошулуусу боюнча 9-Кытай тегерек столу өттү. 

Иш-чара Дүйнөлүк Соода Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналып, Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү маселелерин талкуулоону улантуу, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, айрыкча кошулуп жаткан өкмөттөрдүн Дүйнөлүк соода уюмунун ишине катышуусун кеңейтүү максатында уюштурулган.

Иш-чаранын негизги максаты Дүйнөлүк соода уюмуна кошулган өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карап чыгуу жана бөлүшүү, ошондой эле өлкөлөрдүн ортосунда мүчөлүккө кирүүнүн бардык аспектилери боюнча пикир алмашуу болду.

Тегерек столдун алкагында, Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Муканбетов тегерек столдун катышуучуларына видео кайрылуу жасап, Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү боюнча Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы жөнүндө айтып берди.

Министрдин айтымында, эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Кыргыз Республикасы институционалдык экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзүүдө, экономикалык тутумду либералдаштырууда жана постсоветтик мейкиндикте базар реформаларын жүргүзүүдө авангард болуп калды.

Өлкөдөгү бул процесстердин негизги институционалдык чагылдырылышы болуп, 1998-жылы Кыргызстандын постсоветтик өлкөлөрдүн биринчиси катары Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүсү болгон. Дүйнөлүк соода уюмунда Кыргыз Республикасынын сүйлөшүүлөрүнүн мөөнөтү 2 жыл 9 ай болгонун белгилей кетүү керек, бул уюмга кирген өлкөлөрдүн тарыхындагы эң кыска мөөнөт.

Кыргызстан ДСУ мүчөлүгүнөн алган негизги пайдалардын ичинен министр төмөнкүлөрдү атады:

  • кыргыз товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту эң чоң ыңгайлуу режимин (РНБ) колдонууга өбөлгө болду;
  • ички соода жана салык мыйзамдары эл аралык эрежелерге жана ченемдерге шайкеш келтирилген, бул өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана инвестициялык кадыр-баркын жогорулатууга таасирин тийгизди;
  • ата мекендик өндүрүүчүлөр жана соода тармагында дагы, кызмат көрсөтүүдө дагы инвесторлор үчүн алдын-ала болжолдонгон режим түзүлдү;
  • республиканын соода жүгүртүмүнүн географиялык бөлүштүрүлүшү 1998-жылы 98 өлкөдөн 131 өлкөгө чейин кеңейди. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон 20 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын соода жүгүртүүсү 1998-жылы 1,4 миллиард АКШ долларынан 2018-ж. 7,1 миллиард АКШ долларына чейин 5 эсеге өстү;
  • Кыргызстандын ДСУдагы соода талаштарын чечүү механизмине кирүүсү жеткиликтүү болду.


Министр Дүйнөлүк Соода Уюмуна кошулуу процессинин бардык оң жана терс жактарын салыштырып, мүчө болуунун пайдалуу жактары көбүрөөк деген ой менен бөлүштү. 




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу