Ата мекендик өндүрүш компаниялары Кыргыз Республикасынын товардык-сырье биржасына чыгышты

Новости
14-Декабрь 2020-ж.
2699

2020-жылдын 14-декабрында “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАК ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товардык-сырье биржасына чыгуусуна арналган пресс-конференция өттү.

Биринчи келишим “Каинды-Кант” ААК жана “Кант-Сүт” ЖЧК эки ата мекендик компаниянын ортосунда түзүлгөн, алар Кыргыз фондулук биржасынын товардык - сырьелук секторунун инструменттерин пайдаланууну жана ошону менен сооданын жаңы деңгээлине чыгууну чечишкен.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Муканбетов, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

С.Муканбетов өз сөзүндө учурдагы келишим башка соодалашуунун жаңы деңгээлине чыгуу жана жаңы рынокторду өздөштүрүү максатын көздөгөн башка ата мекендик компаниялар, жеке ишкерлер жана фермерлер үчүн үлгү болорун баса белгиледи.

КФБ товардык-сырье сектору биржа механизмдерин пайдалануу менен өндүрүүчүлөрдүн жана фермерлердин рынокко өзүнүн продукциясы менен чыгуусу үчүн электрондук соода аянтчасы болуп саналат.

Товардык-сырье сектору 2019-жылы өлкөнүн ичинде, ошондой эле тышкы рынокто өндүрүлгөн продукцияны сатууда ата мекендик өндүрүүчүлөргө жана фермерлерге көмөк көрсөтүү максатында ишке киргизилген.

Белгилүү болгондой, бүткүл дүйнө жүзү боюнча, товардык биржа таза атаандаштыктын туруктуу электрондук дүң базары болуп саналат, анда сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү кымбат баада жүргүзүлөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, товардык биржада товарлар менен гана эмес, фьючерстер менен да соода кылууга болот (келечекте жеткирүү менен). Фьючерстер сатуучуга жана сатып алуучуга келечекте товардын белгилүү бир баасына кепилдик берет, бул пандемиянын шартында азыркы туруксуз экономикалык кырдаалда абдан маанилүү.

Ошентип, товардык биржа биздин өлкөнүн рынок экономикасынын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойной алат, анткени ал товарлардын чыныгы баасын аныктоонун натыйжалуу куралы болуп саналат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу