Кыргыз Республикасынын улуттук жана региондук артыкчылыктары жана мониторинг системасы

Новости
10-Декабрь 2020-ж.
2080

2020-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин демилгеси менен Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен семинар өттү.

2020-жылы Нью-Йоркто Жогорку деңгээлдеги Саясий Форумда (HLPF) Кыргыз Республикасы Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча биринчи Улуттук ыктыярдуу серепти (УЫС) ишке ашырган. Улуттук ыктыярдуу сереп 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү күн тартибинин максаттарына жетүү жолундагы маселелерди, алынган сабактарды, алдыңкы тажрыйбаны жана прогрессти чагылдырган көп тараптуу консультативдик процесстин натыйжасында, ошондой эле коюлган максаттарга жетүү боюнча кийинки кадамдар аркылуу даярдалган.

Иш-чаранын максаты жана натыйжасы

Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын биргелешип талкуулоо жана аныктоо, региондук башкаруунун индексинин концепциясын, ошондой эле региондук өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү жана региондук башкаруунун индексин иштеп чыгуу үчүн колдонулуучу артыкчылыктуу милдеттердин тизмеси жана ТӨМ көрсөткүчтөрүн сунуштоо, талкуулоо жана бекитүү.

Иш-чаранын күтүлүүчү натыйжасы болуп, региондук башкаруу индексинин концепциясын даярдоо жана макулдашуу, ошондой эле региондук башкаруу индексин иштеп чыгууга колдонулуучу артыкчылыктуу милдеттердин тизмеси жана ТӨМ көрсөткүчтөрү эсептелет.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу иш-чарага катышуучуларды эки форматта чакыруу каралган: онлайн (Платформа: Google Meet. Шилтеме: “Басуу), региондордон чакырылган катышуучулар үчүн мейманканада социалдык дистанциянын жана дезинфекциянын бардык чаралары сакталды.

Программа.docx


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу