Министр Т.Сариев мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгы менен жамаатын жана баардык кыргызстандыктарды куттуктайт.

Новости
29-Август 2013-ж.
2690

"IMGБүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында салтанаттуу чогулуш болуп өттү, ал мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгына багышталган. Статс - катчы Айдай Курманова, министр Темир Сариевдин жана өзүнүн атынан куттуктап өттү.

“Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 22 жыл толду.”
1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын Жогорку Советинде кезексиз сессияда, союздук республикалардын биринчилеринен болуп “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация” тууралуу токтом кабыл алынган, ошого байланыштуу биздин республика көз карандысыз, демократиялык, суверендүү мамлекет катары жарыяланды. Бул күн эки он жылдыктан ашык мөөнөттө, ушунча кыска убакытта салтка айланып калган жалпы улуттук майрам болуп калды. Бирок, бул убакыт бир нече он жылдыктын узундугундай жолдун жыйынтыгын гана белгилээрин көбү ойлонбосо керек.

Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстандын эркин жана өз алдынча мамлекет болушунда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип чыкты.
Министрликтин квалификациялуу адистери, биздин чоң жана ынтымактуу жамаатыбыз, гүлдөп өнүккөн мамлекетти түзүүдө ишенимдүү негизин жаратып жаткан, өзүнүн ордунда турбаган жана динамикалуу өнүгүп жаткандардын катарына кирет деп терең ишенем.

Кыргызстандын алдында азыр эбегейсиз чоң милдеттер турат, жана ар бириңиздерге ишенип, берилген ишке өзүңүздөрдүн жоопкерчиликтүү мамилеңиздер жана максатка умтулгандыгыңыздар менен суверендүү жана көз каранды эмес Кыргызстандын мындан аркы позитивдүү өзгөрүшүнө ар дайым түрткү берип турат.

Бардык кызматкерлерге, мекендештериме чын жүрөктөн ийгиликтерди, туура чечимдерди, чоң жетишкендиктерди, ден соолук жана бейпилдикти, тынчылыкты жана жайлуулукту Сиздерге жана Сиздердин үй бүлөңүздөргө каалайм.
Министр Т.Сариев

"IMGКыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында статс - катчы жана министрдин орун басарлары да, мындан аркы өлкөбүздүн гүлдөп өсүүсүнө ак ниет жана таза ойлордун, жалпы күч аракеттердин багыттарын белгилөө менен бирге министрликтин жамаатын, салтанаттуу чогулуштун меймандарын куттуктап өтүштү. Баарына ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалашты.

Сыйлык берүү аземи болуп өттү.
КР Экономика министрлигинин “Сыйлык берүү жөнүндө” Буйругу 2013-жылдын 29-августунан №182.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 145 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 36 беренесине, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2012-жылдын 28-майында №133 Министрликтин буйругу менен бекитилген Сыйлыктар жөнүндө жобосуна ылайык, буйрук кылам:
Ак ниеттүү жана кынтыксыз эмгеги үчүн, республиканын экономикасын өнүктүрүүдө жеке салымын кошкону үчүн, иште профессионалдуулугун көрсөткөнү үчүн жана “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө” карата Министрликтин “Экономика отличниги” төш белгиси менен сыйлансын:
Министрдин орун басары – Панкратов Олег Михайлович;
Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын Техникалык регламент жана стандарттар боюнча ишти координациялоо бөлүмүнүн башчысы – Мамырбаев Канай Абдыракунович;
Табигый ресурстар саясаты башкармалыгынын башчысы – Алимбеков Алмаз Мусаевич;
Институционалдык кайра түзүүнү колдоо башкармалыгынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуу бөлүмүнүн алдыңкы адиси – Кожомбердиева Акылай Тураровна;
Министрликтин Түндүк региондор аралык башкармалыгынын Нарын регионалдык бөлүмүнүн башчысы – Сапарбаев Жоодар Турдакунович.
Ак ниеттүү жана кынтыксыз эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишине жеке салымын кошкону үчүн, иште профессионалдуулугун көрсөткөнү үчүн жана “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө” карата Министрликтин Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Инвестиция жана МЖӨ башкармалыгынын башчысы – Токтоматов Нурмамбет Талгатович.
Ак ниеттүү жана кынтыксыз эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишине жеке салымын кошкону үчүн жана “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө” карата ыраазычылыгын билдирсин:
"IMGТабигый ресурстар саясаты башкармалыгынын Минералдык ресурстарды анализдөө жана мониторингдөө бөлүмүнүн башкы адиси - Суюнбаева Динара Аскарбековна;
Табигый ресурстар саясаты башкармалыгынын Минералдык ресурстарды анализдөө жана мониторингдөө бөлүмүнүн алдыңкы адиси – Ашыров Эрмек Анарбекович;
Мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын Менчиктештирүү саясатын иштеп чыгуу жана мамлекеттик менчикти башкаруу бөлүмүнүн алдыңкы адиси – Джумашева Айзада Кубанычбековна;
Мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын Банкрот саясаты жана баалоо иши бөлүмүнүн алдыңкы адиси – Цой Анна Сергеевна;
Институционалдык кайра түзүүнү колдоо башкармалыгынын Конкуренттик чөйрөнү анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси - Конгайтиева Турдубубу Шайдылдаевна.

КР Экономика министрлигинин “Сыйлык берүү жөнүндө” Буйругу 2013-жылдын 29-августунан №181.
Министрликтин 2012-жылдын 28-майында №133 буйругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Сыйлык берүү жөнүндө Жобосуна ылайык:
Республиканын экономикасын өнүктүрүүдө салымын кошуп, реформа жүргүзгөндүгү үчүн, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен эффективдүү жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн, иште профессионалдуулугун көрсөткөнү үчүн жана “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө” карата Министрликтин “Экономика отличниги” төш белгиси менен сыйлансын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Экономика жана инвестиция бөлүмүнүн эксперти - Чуйков Николай Алексеевич;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары - Шаршеналиев Бакыт Арстанбекович;
"Байтур" корпорациясынын жана "Кожомкул" коомдук фонддун президенти - Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович;
Европадагы кыргыздардын “Манас” коомдук бирикмесинин төр агасы - Деркембаев Данияр Кайратович.

"IMGАк ниеттүү жана кынтыксыз эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен эффективдүү жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн жана “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө” карата Министрликтин Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Экономика жана инвестиция бөлүмүнүн эксперти - Мурзалиев Ханчоро Амантурович;
Исфана шаарынын мэриясынын Чимген өзүн өзү башкаруу территориялык комитетинин төр агасы - Канзаманов Аширбек Токтошевич;
Ыссык-Көл облусунун Жети-Өгүз мамлекеттик райондук администрациясынын Экономика секторунун башкы адиси - Орозобеков Залкар Аскарович;
Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн алдыңкы адиси - Имаралиева Батма Сейдахматовна.

КР Экономика министрлигинин “Сыйлык берүү жөнүндө” Буйругу 2013-жылдын 29-августунан №183.
Министрликтин 2012-жылдын 28-майында №133 буйругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Сыйлык берүү жөнүндө Жобосуна ылайык:
2013-жылдын Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын Сыйлыгын алуу конкурсуна активдүү катышкандыгы үчүн, кийинки номинациялар боюнча Министрликтин Ардак грамотасы менен сыйлансын:
 “Азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү”: ЖЧУ “Мариям-Ош”, ЖАК “Токмок – Буллс” жана ЖАК “Талас-Сүт”;
 “Элдик керектөө товарларын өндүрүү (тигүү өнөр жайы жана мебель өнөр жайы)”: “Айбийке” Уз айым борбору жана Асангулова А.Б. ЖИ.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу