БИШКЕК ШААРЫНЫН БОРБОРУНДАГЫ БУЗУЛА ТУРГАН МАМЛЕКЕТТИК ИМАРАТТАРДЫН ОРДУНА ИМАРАТТАРДЫ КУРУУГА БОЛГОН КЫЗЫКЧЫЛЫКТЫ БИЛДИРҮҮ ТУУРАЛУУ КУЛАКТАНДЫРУУ

Новости
04-Декабрь 2020-ж.
2439

Мамлекеттик имараттар департаменти МЖӨ борбору менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми боюнча көп кабаттуу имараттарды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантарын маалымдайбыз.

Бул кулактандыруу “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” КРнын мыйзамынын алкагында жеке демилге жөнүндө сунуштарды берүү үчүн кызыкдар жактарды тартуу максатында берилет.

Негизги идея - мамлекеттик жерлерди, ошондой эле эски авариялык имараттарды натыйжалуу пайдалануу, мамлекетти заманбап имараттар менен камсыз кылуу, мамлекеттик менчик фондун жаңыртуу.

Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигин эске алып, имараттарды куруу жеке инвестицияларды тартуу жана мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгү аркылуу пландаштырылууда.Таким образом, в рамках данной инициативы планируется следующее:

1)      Учурдагы органдарды жеке өнөктөш тарабынан берилген убактылуу жайга көчүрүү;

2)      Учурдагы авариялык имараттарды бузуу;

3)      Архитектуралык дизайндарды жана долбоордук документтерди иштеп чыгуу;

4)      Жаңы көп кабаттуу имараттардын курулушу;

5)      Жеке же карызга алынган каражаттарды пайдалануу менен каржылоону жүзөгө ашыруу;

6)      Комплекстүү башкарууну ишке ашыруу;

7)      МЖӨ жөнүндө келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин (30 жылга чейин) жеке өнөктөш объектти пайдалануу укугу токтотулат.

Долбоордун идеясы жана процесси тууралуу бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик имараттар департаментине же МЖӨ Борборуна төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыз:

МЖӨ борбору: (0312) 66-47-81

Мамлекеттик имараттар департаменти: (0312) 66-07-39

  1. Административдик имарат, Бишкек ш., Раззаков көч, 17 дареги боюнча жайгашкан

Курулган жылы: 1940.;

Жер участогунун аянты: 0,135 га;

Участоктун аймагында эки имарат бар:

Негизги имарат:

Кабаттардын саны - 2

Жалпы аянты 392,5 кв.м.

Фундаменти бетон, дубалдары бышкан кирпичтен. 

Мэриянын жана “Бишкекбашкыархитектура” МИнин маалыматы боюнча учурдагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн жанына көп кабаттуу (кеминде 9 кабаттуу) коомдук имараттардын курулушу өрткө каршы өткөөлдөр ж.б. менен камсыздабайт.

Жер участокторунун аянтын эске алуу менен ченемдерди жана эрежелерди сактоодо 3 кабаттан көп эмес объекттерди долбоорлоо жана куруу мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.

II. Административдик имарат Бишкек ш., Гоголь көч., 94 дареги боюнча жайгашкан 

Курулган жылы: 1958.;

Жер участогунун аянты 0,1392 га.

Участоктун аймагында чарбалык курулуштар бар:

Негизги имарат:

Кабаттардын саны - 1

Жалпы аянты - 209,5 кв.м.

Мэриянын жана Бишкекбашкыархитектура МИнин маалыматы боюнча учурдагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн жанына көп кабаттуу (кеминде 9 кабаттуу) коомдук имараттардын курулушу өрткө каршы өткөөлдөр ж.б. менен камсыздабайт.

Жер участокторунун аянтын эске алуу менен ченемдерди жана эрежелерди сактоодо 3 кабаттан көп эмес объекттерди долбоорлоо жана куруу мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.

III. Административдик имарат, Бишкек ш, Бөкөнбаев көч, 182 дареги боюнча жайгашкан

Курулган жылы – 1937.

Жер участогунун аянты - 0,2130 га.

Участоктун аймагында чарбалык курулуштар бар:

Негизги имарат:

Кабаттардын саны - 2

Жалпы аянты - 890,4 кв.м.

Мэрия жана “Бишкекбашкыархитектура” МИнин маалыматына ылайык, жер участогу 9-кабаттын орто кабаты бар коомдук-турак-жай курулушун өнүктүрүүнүн Борбордук зонасында жайгашкан.

IV. Административдик имарат, Бишкек ш, Раззаков көч, 43 дарегинде жайгашкан.

Курулган жылы: 1950.;

Жер участогунун аянты - 0,0618 га.

Участоктун аймагында чарбалык курулуштар бар:

Негизги имарат:

Кабаттардын саны - 2

Жалпы аянты - 516,3 кв.м.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу