Нарын облусунун Ат-Башы районунда бажы-логистикалык комплексин (БЛК) куруу пландалууда

Новости
02-Декабрь 2020-ж.
2133

2020-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу МЖӨ борборунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Нарын шаарына иш сапары менен барышты, анын алкагында МЖӨ Борборунун директорунун орун басары М.К.Туманов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ОРТИнин башчысы К.К.Алышбаев менен биргеликте Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.С.Сапаров, Нарын облусунун бажы кызматынын башчысы Т.Джунушалиев, Нарын облусунун бажы кызматынын башчысынын орун басары Ж.Сариев жана Ат-Башын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Н.Сатаров менен кеңешме өткөрдү.

Бул кеңешмеде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында “Нарын облусунун Ат-Башы районунда бажы-логистикалык комплексинин (БЛК) курулушу” долбоорун ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө БЛК курулушуна байланыштуу жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин уюштуруу маселелери чечилип, андан аркы иш-чаралар бекитилди. Долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү бийликтин жардамы өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын көзөмөлүндө болот. Мындан тышкары, БЛK куруу үчүн альтернативдүү жерлер каралып, эң ылайыктуу жерлерге анализ жүргүзүлдү. 

Эске салсак, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк - бул калкка социалдык жактан маанилүү кызматтарды көрсөтүү процессине катышкан экономиканын маанилүү тармактарынын объектилерин иштеп чыгуу, пландаштыруу, куруу, сактоо жана пайдалануу максатында мамлекеттик органдар менен жеке сектордун натыйжалуу кызматташтыгынын механизми. “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамга ылайык, МЖӨ жер казынасын пайдалануу, мамлекеттик сатып алуулар жана менчиктештирүүгө байланыштуу инфраструктура объектилерине жана/ же инфраструктура кызматтарына жайылтылбайт.

“Нарын облусунун Ат-Башы районунда бажы-логистикалык комплексинин курулушу” долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы №517-б буйругуна ылайык демилгеленген. 

Долбоордун максаты - товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана бажы контролун жүргүзүү боюнча мамлекеттик функцияларды өркүндөтүү, зарыл болгон бажы жол-жоболорун жана чек арадан өтүү үчүн документтерди өткөрүүнү оптималдаштыруу, виза талаптарынын шайкештиги, ошондой эле бажы жана логистикалык борборду түзүү аркылуу региондун тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү. Натыйжалуу чек ара бажы инфраструктурасы ар дайым региондон тышкары базарларга чыгууда, ошондой эле региондук жана эл аралык өнөктөштөр менен сооданы кеңейтүүдө маанилүү фактор болуп калат, бул өлкөнүн экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизет.

Ошону менен бирге, мамлекеттик өнөктөш катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы чыгып жаткандыгын белгилейбиз. 2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын март айына чейин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан, ага ылайык жеке өнөктөш менен келишимдин иштөө мөөнөтү 25 жыл, ал эми талап кылынган инвестиция көлөмү болжол менен 30 миллион АКШ долларын түзөт. Кийин бул техникалык-экономикалык негиздемени жана тендердик документтерди иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. 2020-жылдын 10-июнунда Экономика министрлигинин алдындагы МЖӨ борбору, КРӨгө караштуу МБК менен биргеликте тендердик документтерди жана белгиленген долбоор боюнча келишимди толугу менен даярдаган. Өз кезегинде, долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке өнөктөштү тандоо конкурстук негизде жүргүзүлүп, тендердин катышуучуларынан келип түшкөн техникалык жана каржылык сунуштардын жыйынтыгында комиссия жеңүүчүнү жарыялайт.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бардык документтер толугу менен даярдалып, учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан жеке өнөтөштү аныктоого тендер жарыялоо күтүлүүдө.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу