Россия Федерациясында жеңил өнөр жай товарларын жана сүт продукцияларын маркалоо жөнүндө маалымат

Новости
01-Декабрь 2020-ж.
2226

ЕАЭБде товарларды идентификациялык каражаттар менен маркалоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) 2018-жылдын 2-февралында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында түзүлүп, 2019-жылдын 29-мартында күчүнө кирген.

Россия тараптын сунушу менен Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2019-жылдын 18-ноябрындагы №127 “Жеңил өнөр жай товарларын идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү жөнүндө” чечими кабыл алынган, анда маркаланбаган товарлардын жүгүртүлүшүнө 2021-жылдын 1-январынан тыюу салууну киргизүү каралган. 

ЕЭК Кеңешинин ушул чечимине ылайык, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 1956 токтому кабыл алынган, анда 2021-жылдын 1-январынан тартып Россия Федерациясынын аймагында жеңил өнөр жай товарларын милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү каралган.

Ошондой эле, Россия тарап 2020-жылдын 9-мартында Евразия экономикалык комиссиясына сүт азыктарын идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү боюнча сунуш киргизген.

Азыркы кезге чейин Россия тараптын сунушу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында талкууланууда. Чечимдин долбооруна ылайык Россия тарап маркалоону 2020-жылдын январь айынан баштап киргизүүнү сунуштоодо.

Ошол эле учурда, кызыкдар болгон ишкердик субъектилерине маалымат берүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар туруктуу негизде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Аталган ишке жеңил өнөр жай продукцияларын маркалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, сүт азыктарын маркалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы көмөктөшүүдө.

Ошондой эле, тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Россия Федерациясынын аймагына маркаланууга тийиш болгон товарларды ташып келүү максатында ата мекендик экспорттоочуларга маркалоо коддорун берүү маселесин иштеп чыгууда.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы идентификация каражаттары менен маркалоону киргизүү жана жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп дайындалгандыгын белгилей кетүү керек.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы №284-б буйругуна ылайык, товарларды маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору (администратору) болуп “Альфа Телеком” ЖАК дайындалган.

Маркалоону идентификациялоо жолу менен жүзөгө ашыруунун техникалык маселелери боюнча ишкер субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана “Альфа Телеком” ЖАКка кайрыла алышат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу