Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү

Новости
30-Ноябрь 2020-ж.
1960

26-ноябрда Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (МАК) 2030-жылга чейинки мезгилге карата өнүгүү стратегиясы боюнча жумушчу топтун жыйыны видеоконференция режиминде өттү.

Жыйын өткөрүүнүн максаты - МАКка мүчө-өлкөлөрдүн сунуштарынын негизинде түзүлгөн ушул Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын долбоорун талкуулоо.

Пландын долбоору төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйыт: негизги жоболор, стандартташтыруу, метрология, бирдиктүү рынок жана техникалык барьерлер (шайкештикти баалоо, аккредитация, көзөмөл) регионалдык сапат инфраструктурасы жана эл аралык кызматташуу.

Документтин долбооруна мамлекеттер аралык стандартташтыруу тутумун өнүктүрүү, стандартташтыруу боюнча бирдиктүү маалыматтык платформаны түзүү, иш-чараларды активдештирүү, жоопкерчиликти жогорулатуу жана стандартташтыруу боюнча мамлекеттер аралык техникалык комитеттердин ролун күчөтүү маселелери, ошондой эле метрология жаатындагы актуалдуу маселелер киргизилген.

Пландын долбооруна кыргыз тарап бизнес түзүмдөрүнүн кызыкчылыктарын жана республиканын экономикасын өнүктүрүүнү эске алуу менен сунуштарын киргизди. Жүргүзүлгөн иштин натыйжалары боюнча иш-чараларды кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү Пландарда жооптуу адамдарды көрсөтүү менен конкреттештирүү, МАКтын илимий-техникалык комиссияларынын жыйындарында План долбоорун жалпысынан иштеп чыгуу жана 2020-жылдын декабрь айында МАКтын кезектеги 58-жыйынында бекитүүгө киргизүү чечими кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынан жумушчу топтун мүчөсү - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (СМБ) директору Б.Аданбаев. ошондой эле жыйынга СМБнын алдыңкы адистери да катышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу