Өткөрүлүп жаткан жөнгө салуучу таасирин талдоонун сапатын баалоо жана өткөрүлгөн коомдук консультацияларга баа берүү стандарттары бекитилди

Новости
27-Ноябрь 2020-ж.
2258

Министрлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 “Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө” токтомунун 3-пунктуна ылайык 2020-жылдын 26-ноябрында № 123 аталган токтомду ишке ашыруу жөнүндө буйрук чыккандыгын маалымдайт.

Бул буйрук менен жөнгө салуучу таасирин талдоонун сапатын баалоо жана өткөрүлгөн коомдук консультацияларга баа берүү стандарттары бекитилген.

Ушул Стандарттарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин (мындан ары - ЖСТТ) мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыккан ЖСТТ Методологиясына шайкештигин талдоо экспертизасын жүргүзөт.

Стандарттардын максаты болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан ЖСТТнын экспертизасынын жол-жоболорунун ачык-айкындуулугу саналат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу