КР Экономика министрлигине караштуу СМБнын кызматкерлери “Борбор Азия-Корея Республикасы” кызматташтык форумуна катышышты

Новости
27-Ноябрь 2020-ж.
1984

2020-жылдын 25-ноябрында Сеул шаарында 13 - “Борбор Азия - Корея Республикасы” кызматташтык форуму болуп өттү.

Корея Республикасы менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн (Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан) ортосундагы ар тараптуу кызматташтык мамилелерин түзүү максатында, Борбордук Азия-Корея Республикасы кызматташтык форуму 2007-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Форум төрт панелдик сессиядан туруп, төмөнкү багыттарды камтыды: калктын саламаттыгы, дистанттык окутуу, стандартташтыруу жана айлана чөйрө. Панелдик сессияларга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана катышуучу өлкөлөрдүн эксперттери онлайн режиминде катышышты.

Кыргыз Республикасынан стандартташтыруу боюнча сессияга Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун Стандартташтыруу департаментинин адиси катышты.

Стандартташтыруу сессиясынын темасы “COVID-19 пандемиясындагы стандарттардын ролу” болду. Иш-чаранын жүрүшүндө бардык катышуучулар COVID-19 пандемиясынын контекстинде стандартташтыруу жаатында жүргүзүлгөн иштер жана андан чыгуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле эл аралык стандартташтыруу жаатындагы иш-чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Кыргыз тарап ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана бардык кызыкдар тараптарды колдоо максатында Пандемиянын келип чыккан көйгөйлөрүн жана кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен аракеттерди жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стандартташтыруу органы катары СМБ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Корея Республикасы жана Борбор Азия өлкөлөрү стандартташтыруу жаатында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти, ошондой эле туруктуу көп кырдуу кызматташтыктын келечеги жана багыттары талкууланды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн 5 жана Корея Республикасынын стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдары менен туруктуу жана тыгыз кызматташуу максатында, стандартташтыруу жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жумушчу деңгээлде үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп туруу жөнүндө биргелешкен чечим кабыл алынды.

Тараптар Корея Республикасынын санариптик трансформация жаатындагы мыкты тажрыйбаларын колдонуу менен стандартташтыруу боюнча биргелешкен долбоорлорду жана окутуу семинарларын ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу