Экономика министрлигинде Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн тренинг өткөрүлдү

Новости
26-Ноябрь 2020-ж.
1964

2020-жылдын 26-ноябрында видеоконференция форматында КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Ысык-Көл областынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын кызматкерлери үчүн окуу өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (ЖМА) жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин пландоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 348 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо Методикасынын” негизинде 2020-жылдын 1-январынан тарта ишке ашырылгандыгын эскерте кетмекчибиз.

Пландаштыруунун жаңы системасын ишке киргизүүнү тездетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы №99 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын салымдары боюнча алардын ишин баалоо үчүн негизги индикаторлордун тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо үчүн негизги индикаторлор бекитилген.

Индикаторлор экономикалык да, социалдык чөйрөнү да камтыйт, ошондой эле алар 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын максаттуу көрсөткүчтөрү менен синхрондоштурулган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн негизги индикаторлордун тизмеси 28ден, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн - 26дан турат.

Баалоонун максаты болуп, КР Экономика министрлигинин буйругу менен бекитилген индикаторлордун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын комплексин жана тийиштүү пландарды иштеп чыгуунун тартибин белгилөө саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу