Экономика министрлиги сертификат берүү тартиби бузулган учурда органдардын аккредитациясын токтотуу чечимин кабыл алды

Новости
25-Ноябрь 2020-ж.
1992

2020-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде сертификат берүүчү органдарынын жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун, “Тышкы соодадагы бирдиктүү терезе” Борбору мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү менен кеңешме болуп өттү.

Министрлик жолугушуунун катышуучуларына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден сертификат берүүчү органдардын ишине, алардын ЕАЭБ шайкештик сертификаттарын берүү жана белгиленген талаптарды бузуу менен ЕАЭБдин шайкештик декларацияларын каттоосуна байланыштуу республиканын техникалык жөнгө салуу тутумуна терс таасирин тийгизген даттануулардын саны көбөйгөндүгү жөнүндө маалымдады.

Сертификат берүүчү органдардын жетекчилерине алардын аккредитациялоо статусун токтотуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөндүгү маалымдалды.

Ошону менен бирге КР “Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салунуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесине ылайык шайкештикти баалоо боюнча органдардын, алардын жетекчилери, ошондой эле ушул Мыйзамдын жана техникалык регламенттин жоболорунун бузулушуна күнөөлүү адистер жана эксперттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу