Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ЧУА долбоорун коомдук талкууга чыгарат

Новости
25-Ноябрь 2020-ж.
2466

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомунун долбоору.

Аталган токтомдун долбоорунун максаты жана милдети жогоруда аталган токтом менен бекитилген дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, чет мамлекеттердин консулдук мекемелерине жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдарынын, ошондой эле алардын кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 17-августундагы №132 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы №659 “Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө” болуп Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын кызматкерлерине кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык келтирүү болуп саналат.

Жобону Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган Мыйзамына ылайык келтирүүдө тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган салык жана бажы саясаты боюнча ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине КНСти кайтарып берүү боюнча чектөөлөр жөнүндө маалыматтарды берген эреже киргизилгендигин белгилей кетүү керек.

Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын берген маалыматтарына ылайык, салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасындагы КНСти кайтарып берүүгө укуктуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин Тизмесин түзөт (чектөөлөр менен же чектөөсүз) жана ыйгарым укуктуу салык органына жөнөтөт.

Мындай ченем бюджеттик тартипти жакшыртууга жана чет мамлекеттердин дипломатиялык мекемелери менен иштөөнү тартипке келтирүүгө өбөлгө түзөт 

Мындан тышкары, долбоор менен Жобого редакциялык жана тактоочу оңдоолор киргизилет.

Бул токтомдун долбоорун кабыл алуу башка ченемдик укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү зарылдыгына алып келбейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтомунун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин алып келбейт, колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине карама-каршы келбейт, кошумча финансылык чыгымдарды жана тиешелүү эксперттик текшерүүлөрдү талап кылбайт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу