Экономика министрлигиде Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппараттарынын кызматкерлери үчүн окутуу жүргүзүлдү

Новости
23-Ноябрь 2020-ж.
1965

2020-жылдын 20-ноябрында саат 15:00до Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери үчүн окутуу видеоконференция форматында өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (ЖМА) жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин пландоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 348 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо Методикасынын” негизинде 2020-жылдын 1-январынан тарта ишке ашырылган. 

Пландаштыруунун жаны системасын ишке киргизүүнү тездетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы №99 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын салымдары боюнча алардын ишин баалоо үчүн негизги индикаторлордун тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо үчүн негизги индикаторлор бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн негизги индикаторлордун тизмеси 28ден, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн - 26дан, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары үчүн - 31 индикатордон турат. Индикаторлор экономикалык да, социалдык чөйрөнү да камтыйт, ошондой эле алар 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын максаттуу көрсөткүчтөрү менен синхрондоштурулган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу