Экономика министрлигинде спорттун 12 түрү боюнча Спартакиада старт алды.

Новости
03-Сентябрь 2013-ж.
2347

"IMG2013-жылдын 4-сентябрынан 11-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы регионалдык жана ведомстволук органдарынын кызматчылары министрликте Спартакиаданы даярдоого, өткөрүүгө жана уюштурууга активдүү катышып башташты.

Министрликтин Спартакиадасын өткөрүү боюнча мелдештин графиги министрдин орун басары – Уюштуруу комитетинин төр агасы Муканбетов Санжар менен бекитилди.
Мелдештин уюштуруучусу – профкомдун төр агасы КР Экономика министрлигинин иш кагаздарын жүргүзүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Клара Байтикова белгилеп өткөндөй, бүгүн Чоң залда армрестлинг, дартс, тогуз-коргоол, шахмат боюнча, ал эми Кичи залда гиря жана короодо – үстөл тенниси боюнча мелдештер өтүп жатат.
7 – сентябрдан баштап макулдашуу менен бильярд боюнча;
3нөн 7 - сентябрга чейин №24 орто мектепте волейбол боюнча;
5 – 6 - 7 - сентябрда макулдашуу менен кичи-футбол боюнча;
10 – 11 - сентябрда Спартак стадионунда жеңил атлетика боюнча;
6 - сентябрда Панфилов сейилбагында ок атуу боюнча;
10 – 11 – сентябрда Спартак стадионунда аркан тартыш боюнча мелдештер күтүлүп жатат.

Экономика министрлигинин кызматкерлери мамлекеттик органдар арасындагы Спартакиадада жыл сайын катышаарын белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын май айында министрликтин ичинде, жогоруда аталган спорттун түрлөрү боюнча турнир болуп өткөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу