Ыйгарым укуктуу мамалекеттик органдардын кызматкерлери үчүн окутуучу тренингдер өткөрүлдү

Новости
19-Ноябрь 2020-ж.
2333

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ) “Борбор Азиядагы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” Программасынын долбоорунун колдоосу менен 2020-жылдын 16-ноябрынан 18-ноябрына чейин “Достук” өткөрүү пунктунда чек арадагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн алдын ала маалымдоо боюнча тренингдерди өткөрүштү.

Аталган тренингдер Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу өтүүчү автоунаа өткөрүү пункттарындагы өз ара аракеттенүү Тартибин жана азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосунда турган тобокелдиктерди башкаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлдү.

Ушул Тартиптин максаты - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн түзүү, бажы ишин тездетүү жана бажы контролун оптималдаштыруу болуп саналат.

Маалымат үчүн: Алдын ала маалымдоо - бул мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын тобокелдиктерди башкаруу тутумдары тарабынан иштелип чыккан маалыматтык тутумдарды пайдалануу менен электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу жиберилген маалымат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу