Бүткүл дүйнөлүк аялдар ишкердүүлүгүнүн күнүнө WED (Women Enterpreneurship Day) карата Виртуалдык Саммит старт алды, “COVID-19: Өз ара колдоо убагы!”

Новости
19-Ноябрь 2020-ж.
2038

2020-жылдын 19-ноябрында Бүткүл дүйнөлүк аялдар ишкердүүлүгүнүн күнүнө WED (Women Enterpreneurship Day) карата Виртуалдык саммит онлайн-режиминде старт алат, “COVID-19: Өз ара колдоо убагы!”

“Women's Entrepreneurship Day” глобалдык демилгеси дүйнө жүзү боюнча аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жана жыл сайын Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында 144 мамлекетте белгиленет.

Бүгүнкү күндө аялдардын ишкердигин колдоо дүйнө жүзү боюнча өнүгүп келе жатат. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө аялдардын ишкердүүлүгү маанилүү ролду ойнойт. Аялдар негизинен социалдык багыттагы бизнести башташат. Алар билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, туризм жана кол өнөрчүлүккө инвестиция салышат, ошону менен ар тараптуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошушат.

Мамлекет ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө умтулган аялдардын позициясын ар дайым кубаттайт, ошондой эле аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары көрүлдү, деп белгиледи Санжар Муканбетов.

Өкмөт кыргыз экономикасынын ар кайсы тармактарындагы ишкерлерди колдоого багытталган программаларды иштеп чыгууда жана аялдар башында турган чакан жана орто ишканаларга жардам берүү үчүн финансылык колдоо чараларын көрүүдө, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдөгү маанилүү көйгөйлөрдүн бири болгон ишкерлердин каржылоого жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.

Министрлик 2013-2017-жылдар аралыгында “Аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүп, анын алкагында 1,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө насыялар бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасы боюнча Экономика министрлиги тарабынан ведомстволор аралык жумушчу топ 2020-жылдын март айынан баштап орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу үстүндө иштеп жатат.

Ушул документти иштеп чыгууда учурда ЕРӨБгө Борбордук Азияда жардам көрсөтүлүп жатат, ошондой эле ЕРӨБ ушул Программаны иш жүзүндө жүзөгө ашырууга дагы жардам көрсөтөт деп күтүлүүдө.

Аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдө жана Европадагы Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Борбордук Азиядагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы кеңсеси тарабынан колдоого алынган долбоорлорду жүзөгө ашырууда өтө олуттуу жардам көрсөтөт.

2019-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен “Курак” аялдар форуму” коомдук бирикмесинин ортосунда өз ара жардамдашуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Меморандумда Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин колдоо боюнча биргелешкен иш-чаралар каралган.

Министрлик аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, аялдар жамааттарына жана ассоциацияларына жардам жана колдоо көрсөтөт. Биздин аялдар кандай артыкчылыктуу багыттарды куруп жаткандыгын угуу ар дайым маанилүү жана аялдар коомчулугу менен диалогго ар дайым ачык жана алардын бизнес идеяларын жана пландарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр, - деп белгиледи Санжар Муканбетов.

Жыйынтыгында Санжар Муканбетов Аялдардын ишкердүүлүк күнү менен куттуктап, Саммиттин бардык катышуучуларына чың ден-соолук жана ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, ал “Курак” аялдар форумуна жана башка аялдар ассоциацияларына Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен жемиштүү жана жигердүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу