“Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 021/2011) Бажы бирлигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилет

Новости
19-Ноябрь 2020-ж.
2490

2020-жылдын 18-ноябрында Экономика министрлигинде “Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 021/2011) бажы бирлигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мамлекеттик органдарынын, бизнес түзүмдөрүнүн (тамак-аш продукцияларын өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр) өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар өзгөртүүлөр долбоорунун негизги жоболору менен таанышышты.

Киргизилген өзгөртүүлөр жаныбарлардан чыккан чийки заттан жасалган продукцияны өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын козгойт, атап айтканда, ветеринардык дары каражаттарынын калдыктарынын жол берилген эң жогорку деңгээли белгиленет, алар иштетилбеген жана кайра иштетилген тамак-аш азыктарында болушу мүмкүн.

Азыркы учурда ББ ТР 021/2011 өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору талкуу жана иштеп чыгуу стадиясында турат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу