Глобалдак сапат жана стандарттар программасынын бөлүгү болуп саналган долбоордун Байкоочу кеңешинин жыйыны болуп өттү

Новости
18-Ноябрь 2020-ж.
2034

Экономика министрлигинде 2019-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри тарабынан кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун алкагында “ГССП Кыргызстан: Жер-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү тизмектеринде стандарттарды сактоо боюнча алардын потенциалын бекемдөө жолу менен чакан жана орто бизнестин рынокторго жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү” долбоорунун Байкоочу кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.

Бул Долбоор - Глобалдык сапат жана стандарттар программасынын, Швейцариянын Конфедерациясынын Финансылык колдоосу менен Швейцариянын экономикалык маселелери боюнча Мамлекеттик катчылык (SECO) аркылуу ЮНИДО тарабынан ишке ашырылып жаткан масштабдуу демилгенин бир бөлүгү болуп саналат.

Долбоордун максаты - чакан жана орто ишканалар үчүн рынокко жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана улуттук сапат инфраструктурасын чыңдоо максатында сапат талаптарына жана стандарттарына ылайык мөмө-жемиш баалуулуктар тизмегин иштеп чыгуу менен улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу. Долбоорду ишке ашыруу 2019-2022-жылдарга эсептелген.

Байкоочу кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) жана БУУнун Өнөр жай Өнүктүрүү Уюмунун (ЮНИДО) өкүлдөрү кирет.

Жыйындын жүрүшүндө Кеңештин бардык мүчөлөрү долбоордун маанилүүлүгүн ырасташты, Байкоочу кеңеш жөнүндө жобону, долбоордун баштапкы фазасы жөнүндө отчетун жана долбоорду ишке ашыруу боюнча иш планын талкуулашты жана жактырышты. Пандемияга (COVID-19) карабастан, ЮНИДО республиканын Улуттук Сапат Инфраструктурасынын катышуучулары менен биргеликте долбоорду ишке ашырууну улантат

Долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көл облусунун экспортко багытталган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн активдүү илгерилетүүнү камсыз кылат деп пландаштырылууда. Долбоор ошондой эле жергиликтүү айыл чарба продукцияларынын тышкы рынокторго чыгышын жеңилдеткен сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүүдө улуттук инфраструктура тутумунун туруктуулугун чыңдоо боюнча өлкөдө жүргүзүлүп жаткан аракеттерди колдоо боюнча бир катар ири иш-чараларды өткөрөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу