“Региондорду комплекстүү өнүктүрүү” программасы долбоордук өтүнмөлөрдүн үчүнчү конкурсуна катышууга каттоону жарыялайт

Новости
11-Ноябрь 2020-ж.
2735

“Региондорду комплекстүү өнүктүрүү” программасы өз ишин Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда жүргүзүүдө. Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH Европа Бирлиги жана Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлигинин (BMZ) каржылоосу менен долбоорду ишке ашырат.

Долбоордун жалпы максаты экономикалык жана социалдык өнүгүү демилгелери аркылуу өлкөнүн айыл аймактарында жакырчылыкты кыскартууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Долбоордун конкреттүү максаты болуп Жалал-Абад облусуна басым жасоо менен Кыргызстандын түштүгүндө жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө жана социалдык өнүгүүгө түрткү берген айылдык калктын киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу саналат.

Конкреттүү максаттын алкагында долбоор үч натыйжаларга жетишүүгө багытталган.

Кызыкдар талапкерлер долбоордук өтүнмөлөрдүн үчүнчү конкурсуна катышуу үчүн каттоо формасын жибериши керек. Каттоо формасы жана конкурс жөнүндө кошумча маалыматты https://irdp.kg/ru программасынын сайтынан таба аласыздар.

Берилген форманы толтуруп, 2020-жылдын 18-ноябрында саат 00:00гө чейин irdp-kg@giz.de электрондук дарегине “Катталууга өтүнмө” деген темада көрсөтүп тапшырыңыз.

Катталган уюмдар каттоодон өткөн күндөн кийин 10 күндүн ичинде маалыматтык сессияга чакырылат жана долбоордук өтүнмөлөрдүн Конкурска катышуусу үчүн документтердин толук топтомун алышат.

Негизги өтүнмө ээси жана кошумча талапкерлер Кыргыз Республикасында, ЕБ же ЕФТА өлкөлөрүндө расмий каттоодон өткөндүгүн, негизги арыз ээси 3 жылдан кем эмес, тең талапкерлер 2 жылдан кем эмес каттоодон өткөндүгүн жана уюмуңуз коммерциялык эмес уюм экендигин текшерип коюңуз.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу