Бүткүл дүйнөлүк сапат күнү (World Quality Day) 12-ноябрда дүйнө жүзү боюнча белгиленет

Новости
11-Ноябрь 2020-ж.
2413

Биринчи жолу Бүткүл дүйнөлүк сапат күнү 1989-жылдын 9-ноябрында БУУнун колдоосу менен төмөнкү эл аралык сапат уюмдарынын демилгеси менен белгиленген: Сапат боюнча Европа уюму, Япон окумуштуулар жана инженерлер союзу, Сапатты көзөмөлдөө боюнча америкалык коом жана сапат боюнча Латын Америка уюму. Ал эми алты жылдан соң Сапат боюнча Европа уюму ноябрдын экинчи бейшембисин Европанын сапат жумалыгы деп жарыялаган.

Бул масштабдуу акциялар коомчулуктун, продукцияны өндүрүүчүлөрдүн, керектөөчүлөрдүн, мамлекеттик органдардын көңүлүн экономикалык жана социалдык прогресстин эң маанилүү шарты катары сапат маселелерине буруу максатында жүргүзүлүүдө. Бул күнү Европанын, Азиянын жана Американын көпчүлүк өлкөлөрүндө, ошондой эле Кыргызстанда жарандардын татыктуу жашоосу жана өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн иш-чаралар өткөрүлүүдө. 1989-жылдан бери бул күн биздин республикада да белгиленип келет.

Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органы болгон Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору, менеджмент системасынын сапаты, коопсуздугу жана жайылтуу жаатында бир топ тажрыйбалуу персоналдары менен менеджмент системасын ишке киргизүү маселелери боюнча окууларды, консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат жана жүргүзүлүп жаткан иштин жаңы багыттарын өркүндөтүү жана өздөштүрүү боюнча милдеттерди өзүнүн алдына коет, бул Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүнө байланыштуу өзгөчө мааниге ээ.

Продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзүү, заманбап технологияларды, сапат менеджментинин натыйжалуу методдорун колдонуу максатында 1998-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 “Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө” токтомуна ылайык экономика жана социалдык чөйрөнүн ар кандай чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу үчүн конкурс өткөрүлүп келет. Сапат боюнча КРнын сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңешинин ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылууну КР ЭМ караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору камсыз кылат.

2020-2021-жылдарда сапат боюнча 18-конкурстун жыйынтыгы чыгарылат, алар төмөнкү чөйрөлөрдө өткөрүлөт:

1. Эт жана эт азыктарын өндүрүү боюнча ишканалар;

2. Жаңы инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизген Илимий - изилдөө мекемелери; 

3. Үрөнчүлүк чарбалар;

4. Асыл тукум чарбалары.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу