Россия Федерациясынын Аккредитация боюнча Федералдык кызматы Халал продукциясы жаатындагы шайкештикти баалоо органдарын аккредитациялоо жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүштү

Новости
06-Ноябрь 2020-ж.
1860

2020-жылдын 5-ноябрында КР Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистери, Стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин Аккредитациялоо боюнча Илимий-техникалык комиссиясынын (АИТК) 46-жыйынына видео конференция аркылуу катышышты.

АИТК 46-жыйынына Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, ошондой эле КМШ Аткаруу Комитетинин жана Стандарттар боюнча бюросунун катышуучулары болгон мамлекеттердин улуттук аккредитациялоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө аккредитация жаатындагы бир катар маанилүү маселелер, анын ичинде шайкештикти баалоо органдарынын аккредитациясын өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу, СМКга жүктөлгөн кызматташуу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоонун максатка ылайыктуулугу жана региондук аккредитациялоо уюмун түзүү маселелери талкууланды.

Улуттук органдардын өкүлдөрү аккредитациялоо жаатында тажрыйба алмашышты.

Түздөн-түз АИТКнын 46-жыйынынын алкагында Россия Федерациясынын Аккредитациялоо боюнча Федералдык кызматынын өкүлдөрү Халал продукциясы жаатындагы шайкештикти баалоо органдарынын аккредитациялоо жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүштү. “АБМБ” мамлекеттик ишканасынын адистери жыйындын катышуучуларына ILAC / IAF тарабынан таанылган Европадагы Аккредитациялоо Уюмунун (ЕА) өз ара баалоодон өтүү тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти.

Каралган материалдардын жана талкуунун жыйынтыктары боюнча  жыйындын катышуучулары тарабынан шайкештикти баалоо (ырастоо) жаатындагы макулдашылган саясат боюнча сунуштар кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу