Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен!

Новости
06-Ноябрь 2020-ж.
2480

Бүгүн, КР Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара министрдин, статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын катышуусунда өттү. Министр С.Муканбетов өзүнүн жана КР Экономика министрлигинин жамаатынын атынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куттуктады.

Министрликтин ишин чагылдырууда үзүрлүү кызматташгы, жогорку кесипкөйлүгү, оперативдүүлүгү жана объективдүүлүгү үчүн жана “Маалымат жана басма сөз күнү” кесиптик майрамынын урматына Кыргыз Республикасынын Экономика министринин буйругу менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Заманбап шарттарда объективдүү жана ачык-айкын маалымат болбосо, укуктук мамлекетти куруу, калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу жана мамлекетибизди жетиштүү деңгээлде өнүктүрүү мүмкүн эмес.

Сиздердин коомдогу ролуңуздар абдан маанилүү жана зарыл, анткени Сиздердин тырышчаактык жана кээде кооптуу иш-аракеттериңиздердин аркасында бардык алыскы региондордун жарандары өлкөбүздө болуп жаткан окуялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты, - деп баса белгиледи С.Муканбетов.

Коомдук пикирди калыптандырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин ролун өзгөчө белгилеп кетким келет.

Журналисттердин биздин мамлекеттеги мамлекеттик органдардын ишинин жеткиликтүүлүгү, ачык-айкындуулук принцибин орнотууга кошкон салымы да маанилүү. Жалпыга маалымдоо каражаттарында биздин мамлекеттин биримдиги жана андан аркы өнүгүүсү үчүн жарандарды жакындаштырууга эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөр бар, - деп белгиледи министр.

Ошондой эле, биз тыгыз өнөктөштүктө сөз эркиндиги жана тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана коомдогу тынчтыктын идеалдарын ырастап, өлкөнүн жана коомдун, инсандын прогрессивдүү өнүгүү процессине салым кошо алабыз деген үмүттү билдиргим келет.

Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин ишин, профессионалдардын эмгегин жана журналисттин негизги принциптери - ишенимдүүлүктү, объективдүүлүктү жана оперативдүүлүктү жетекчиликке алып, өз ишин ар-намыс менен аткарган адистердин эмгегин жогору баалайбыз.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу