КР жашыл экономиканы илгерилетүү принциптери: электр тартууда экологиялык транспорттун колдонулушуна дем берүү

Новости
19-Октябрь 2020-ж.
2808

Кыргыз Республикасынын жарандарына кийинки муундагы транспортту - электромобилдерди пайдаланууга дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан 2019-жылдын 19-октябрында КРӨнүн № 385-б буйругу менен бекитилген, 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууга дем берүү жана заряддоочу инфратүзүмдөрдү түзүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан.

КР Экономика министрлиги мамлекеттик органдар тарабынан иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүү максатында төмөнкүлөрдү билдирет:

2021-жылдын 31-декабрына чейин ЕАЭБдин алкагында, ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүүчү бажы алымдарынын ставкаларын нөлдүк кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган. 

ЕАЭБге жеке жактар жеке колдонуусу үчүн ташып келинген электр транспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктарынын жеңилдетилген бирдиктүү ставкасын колдонуу маселесин чечүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу 

ЕАЭБге жеке адамдар тарабынан жеке колдонуу үчүн алып келинген электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыктардын төмөндөтүлгөн бирдиктүү ставкаларын колдонуу боюнча маселени чечүүнүн мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө сунуш киргизилген, анткени бул чечимдин мөөнөтү аяктагандан кийин, бажы алымынын ставкалары ЕАЭБ Бирдиктүү бажы тарифине ылайык, бажы наркынын 15% өлчөмүндө төлөнөт.

Жөнгө салууга багытталган бир катар ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккан:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына таза аба маселеси жана салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын импорттолчу электромобилдерди, ошондой эле заряд инфратүзүмүнүн запастык бөлүктөрүн КНСтен бошотуу бөлүгү;

- “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына таза жана жаңыланып туруучу электр энергиясын колдонуп, ташуу үчүн кадимки күйүүчү майсыз иштеген электр кыймылдаткычы бар автоунаанын экологиялык таза аналогу катары электр транспорт каражатынын аныктамаларын киргизет;

- КР Өкмөтүнүн токтому менен 2020-2022-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилген. ТМККнын тиркемесинин 3-пунктуна ылайык, шаардык электр транспорту жана электр унааларын кубаттоо үчүн коомдук бекеттер үчүн 1 кВт саат үчүн 1,58 сом (салыктарды эсепке албаганда) дем берүүчү тариф белгиленген;

- “Жолдо жүрүү эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, электромобилдер жана гибриддик унаалар үчүн кошумча маалымат белгилери (плиталар) киргизилген.

а) тышкы булактан заряддалуучу электромобилдер жана гибриддик транспорт каражаттары үчүн - 8.4.3.1 көрсөткөн тактайча;

б) 8.4.15 көрсөткөн тактайча - “Унаанын түрүнөн башка” электромобиль көрсөтүлгөн тактайча.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору электр кубаттоочу шаймандарды стандартташтыруу жана IEC 61851 жана IEC 62196 эл аралык стандарттарын улуттук стандарттар тутумуна киргизүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат, ошондой эле электр кубаттоочу станцияларын түрлөрү боюнча классификациялоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Бишкек шаарынын чегинде электр кубаттоочу инфраструктураны жайгаштыруу маселеси каралууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу