Дүйнөлүк коомчулук жыл сайын 14-октябрда Бүткүл дүйнөлүк стандарттар күнүн белгилейт

Новости
13-Октябрь 2020-ж.
2031

Эл аралык стандартташтырууну өнүктүрүүнүн жана анын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасиринин дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн маанилүүлүгү жыл сайын белгиленип, коопсуз жана корголуучу айлана-чөйрөнү, ошондой эле бүтүндөй планетаны түзүү аракеттерине тийиштүү көңүл бурулат.

Бул маанилүү жана жооптуу ишке өмүрүн жана кесиптик чеберчилигин арнаган стандартташтыруу кызматкерлеринин эмгеги дүйнө жүзү боюнча жылдан жылга белгиленип келет.

Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын майрам белгилүү бир ураан менен өтөт. 2020-жылы, ал “Планетаны коргоо үчүн стандарттар” деген ураандын астында өткөрүлөт.

IEC, ISO жана ITU үч алдыңкы эл аралык стандарттардын уюмдарынын жетекчилери салттуу билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгилешет: IEC, ISO жана ITU тарабынан иштелип чыккан стандарттар техникалык проблемаларды чечүү убакыт менен текшерилген. Алар өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө тажрыйба жана эксперттик ноу-хау менен алмашууга жардам берет. Стандарттар энергия үнөмдөөнүн, суунун жана абанын сапатынын бардык аспектилерин камтыйт, өлчөө жол-жоболорун жана ыкмаларын белгилейт. Аларды кеңири колдонуу өнөр жай өндүрүшүнүн жана процесстеринин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга жардам берет, чектелген ресурстарды кайра пайдаланууга өбөлгө түзөт жана энергия натыйжалуулугун жогорулатат”.

СМБнын иши, Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу боюнча улуттук органы катары учурдагы эл аралык стандарттарды кабыл алууга, улуттук стандарттарды эл аралык нормаларга шайкеш келтирүүгө, бардык кызыкдар болгон тараптарга стандарттар боюнча ишенимдүү маалыматтарды берүүгө багытталган.

СМБ белгиленген тартипте энергияны үнөмдөө боюнча стандарттарды, суунун жана абанын сапатына байланышкан стандарттарды кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзөт.

ИСО 9001, ИСО 50001, ИСО 14001 сапат менеджментинин, энергетикалык менеджменттин жана экологиялык менеджменттин системасын эл аралык стандарттар боюнча иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтөт.

СМБ туруктуу негизде ЕАЭБдин техникалык, анын ичинде Электр энергетикасы жаатындагы регламенттеринин талаптарын аткарууга көмөк көрсөтөт.

Стандартташтыруу боюнча эл аралык, мамлекеттер аралык техникалык комитеттердин ишине Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн тартуу, ошондой эле стандартташтыруу боюнча эл аралык жана регионалдык уюмдар менен мамилелерди кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жатат.

СМБнын башкы максаты-техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу, ата-мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө көңүл буруу, коом үчүн актуалдуу маселелерди чечүүдө стандарттардын ролун чагылдыруу.

Бүткүл дүйнөлүк стандартташтыруу күнү.pdf  планетаны коргоо үчүн стандарттар.pdf

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу