Экономика министрлиги коомдук-саясий соккулардын экономикага тийгизген таасирин азайтууга багытталган чараларды талкуулады

Новости
09-Октябрь 2020-ж.
2157

Экономика министрлигинде кеңейтилген чогулуш болуп өттү. Чогулушка борбордук аппараттын кызматкерлери жана ведомстволук бөлүктөрдүн кызматкерлери катышышты.

Иштерди токтотууга жол берилбеши керек, көңүлдү жана күч-аракеттерди экономикалык блокту чыңдоого багыттоо керек, республикада болуп жаткан кырдаалды эске алуу менен терс кесепеттерди жоюу боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүү керек - деп баса белгиледи С.Муканбетов.

Ушуга байланыштуу экономикага коомдук-саясий соккулардын таасирин жеңилдетүүгө багытталган кыска мөөнөттүү пландарды иштеп чыгуу боюнча жана өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиялык мүнөзгө ээ ыкчам иштерди жүргүзүү зарыл.

Чакан жана орто бизнестин субъектилерин колдоо максатында фискалдык, финансылык чаралардын зарыл комплексин иштеп чыгуу, ишканаларды коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу керек.

Чогулуштун жүрүшүндө министр жана башкармалык жетекчилери тейлеген багыттары боюнча келип чыккан көйгөйлүү маселелерди талкуулашты жана аларды биргелешип чечүү жолдорун иштеп чыгууну макулдашышты.

Ошондой эле министрликтин жамааты С. Муканбетовго кызматкерлердин коопсуздугун министрликтин туруктуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылгандыгы жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү ниети үчүн ыраазычылык билдиришти.

Коомдук-саясий кырдаал курчуп тургандыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин борбордук аппараты, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү штаттык режимде ишин улантууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу