Бүгүн өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Новости
08-Октябрь 2020-ж.
2284

2020-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин имаратында өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Бизнес ассоциациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууга Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана министрдин орун басарлары катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар келип чыккан көйгөйлүү маселелерди талкуулашып, аларды чечүү жолдорун биргеликте иштеп чыгууга макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын элине, саясий партияларга жана ишкерлерге карата азыркы учурда Кыргыз Республикасында түзүлүп жаткан кырдаалга байланыштуу биргелешкен кайрылууга кол коюшту.

КАЙРЫЛУУ

Бизнес ассоциациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында түзүлгөн учурдагы абалга байланыштуу Кыргызстандын элине, саясий партияларга жана ишкерлерге кайрылышат.

Пандемия менен күрөшүү шартында биздин ички экономика структуралык өзгөрүүлөргө туш болду, ишкерлер олуттуу жоготууларга дуушар болушту. Бүгүн, бизнес жаңы гана калыбына келе баштаганда жана “бутуна туруп” жатканда, өлкөдөгү акыркы окуялар ишкерлер үчүн жаңы тобокелдиктер менен коркунучтарга байланыштуу.

Ушундай кырдаалда Экономика министрлиги ар дайым бизнес-коомчулук менен биргеликте, демократиялык паритет принциптеринде иштеп, өзүнүн түз функционалдык милдеттерин, тактап айтканда, ишкерлердин укуктарын коргоону, биздин экономикабыздын мамлекеттик өнүгүүсүнүн негизи катары аткарып келгендигин эстен чыгарбоо керек. Жеке менчикти жана инвестицияларды коргоо жана кол тийбестиги биздин бүгүнкү күндөгү башкы милдетибиз. Биз сиздин бизнеске болгон ар кандай коркунучка жол бербейбиз. Азыр рейдердик басып алуулар менен алектенип жаткандардын бардыгы жоопко тартылат деп ишендиргибиз келет.

Кыргызстандын экономикасы мурдагыдай иштеши керек, биздин экономикалык эркиндигибиздин жана көзкарандысыздыгыбыздын негизги кан тамырлары болгон ишканаларыбыздын, чакан жана орто бизнестин ишинин токтошуна жол бербешибиз керек. Күз-кыш мезгилине даярданууну эч качан токтотпошубуз керек, өлкөнүн региондорунда түшүм жыйноо иштери жүрүп жатат. Биринчиден, бул кызматтардын акыркы керектөөсүнө зыян келтирбеши керек, бул биздин эл!!!

Бул кырдаалда экономикалык туруктуулукту сактап калуу канчалык маанилүү экенин эстен чыгарбоо керек. Экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү, экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү системалуу мамилени, экономикалык процесстерди терең түшүнүүнү жана процесстин катышуучуларынан жогорку квалификацияны талап кылат. Азыркы тапта түзүлгөн абалдан чыгуу үчүн бардык зарыл чараларды биргелешип кабыл алуу керек. Көп нерсе бизден көз каранды, биринчиден, тартип жана бири-бирибизге болгон сый-урмат керек.

Эскерте кетсем, биринчи кезекте биздин коомдун кызыкчылыгын коргогон мамлекеттик кызматкерлер, ар бирибиздей эле өз өлкөсүнүн жарандары жана патриоттору. Ал эми биз ар бирибиз өзүбүздүн жеке амбициябызды жана шартыбызды унутуп, жалпы келечегибиздин жыргалчылыгы үчүн иштешибиз керек.

Бизнес-коомчулук саясий партиялардын лидерлерине “Бизнес тынчтыкты жактырат!” жана ар дайым саясаттан алыс болушу керек экендигин эскертет!!! Бизнес менен өз ара иш алып барган бардык мамлекеттик органдардын стабилдүү жана ырааттуу ишин камсыз кылуу зарылчылыгын белгилейбиз.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу