Мамлекеттик компанияларда мыйзамдуулукту сактоонун жана кадр маселелерин укуктук талаада чечүүнүн зарылдыгы жөнүндө

Новости
07-Октябрь 2020-ж.
2356

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин айрым топтор тарабынан жетекчиликти алмаштыруу жана мыйзамсыз түрдө өз өкүлдөрүн дайындоо максатында мамлекеттик компаниялардын офистерине кирүү учурлары көбөйүп жатканы тынчсыздандырат.

Коомдук-саясий кырдаалдын туруксуз шарттарында республиканын стратегиялык объекттеринин үзгүлтүксүз иштөөсүн жана мамлекеттик активдердин сакталышын камсыз кылуу максатында мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалар менен чарбакер коомдордун иш жүзүндөгү контролдугу астында айрым адамдар тарабынан жетекчилерди мыйзамсыз негизде өз алдынча дайындоо аракеттерине жол берилбейт деп эсептейбиз.

Министрлик мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана чарбакер коомдордун иштеп жаткан жетекчилеринин жана башкаруу органдарынын бардык мүчөлөрү өздөрүнүн функционалдык милдеттерин мыйзамдарга ылайык аткарууну улантууларын белгилейт. Мамлекеттик ишканалардын аталган кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселелери Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” Мыйзамынын, Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык, мыйзамдуу түрдө гана каралуусу зарыл.

Мамлекеттик компаниялардын экономикалык жана коммерциялык иш-аракеттеринде экономикалык туруктуулукту жана тартипти камсыз кылуу зарылдыгын эске алып, мамлекеттин катышуусу бар чарбакер субъекттерге карата мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга чакырабыз.

Ошондой эле, укук коргоо органдарын жана ыктыярдуу элдик дружиналарды республиканын стратегиялык ишканаларын коргоого жардам берүүгө чакырабыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу