2020-жылы Жалал-Абад облусунда сүттү кайра иштетүү боюнча үч жаңы ишкана ишке киргизилди

Новости
02-Октябрь 2020-ж.
2388

Региондор аралык башкы башкармалык ушул жылы Жалал-Абад облусунда сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарынын айран, каймак, быштак жана коюлтулган сүт сыяктуу түрлөрүн өндүрүү боюнча үч жаңы ишкана ишке берилгенин маалымдайт.

Республиканын агроөнөр жай комплексинин структурасында маанилүү звенолордун бири сүт азыктары болуп саналат. Сүт азыктары эң керектүү жана күнүмдүк тамак-аш категориясына кирет. Сүт, айран, йогурт, быштак сыяктуу салттуу сүт азыктарына суроо-талап туруктуу бойдон калууда. Башкармалык белгилегендей, акыркы жылдары сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын саны өсүүдө, алар облустун калкын сапаттуу сүт азыктары менен камсыз кыла алат.

Сузак районундагы Багыш айыл аймагында “Агро Кен” ЖЧК сүттү кайра иштетүүчү цех эксплуатацияга берилди, анын баштапкы кубаттуулугу суткасына 0,5 тонна. Курулуш иштери 2019-жылдын сентябрь айында башталып, 10 жаңы жумуш оруну түзүлгөн. 30,0 млн. сом өздүк каражат инвестицияланган.

“Ля Вуа Лакте” ЖЧК Токтогул районунда суткасына баштапкы кубаттуулугу 0,3 тонна сүттү кайра иштетүү боюнча цех ачты. Цех ушул жылдын 1-февралында ишин баштаган. Курулуш 2019-жылдын июнь айында башталган. 5 жаңы иш орундары түзүлгөн. 

Чаткал районунда жеке ишкер А.Бегалиев суткасына баштапкы кубаттуулугу 0,3 тонна сүттү кайра иштетүү боюнча цех ачты. Цех өз ишин үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда баштаган. Курулуш 2020-жылдын январында башталган. 11 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Заемдук каражаттарынын катышуусу менен 35,0 млн. сом инвестиция тартылган.

Базар-Коргон районунда “Ак-Тилек” ЖЧК жана “Иртыш” ЖЧК сүттү кайра иштетүү боюнча эки ишкана иштейт. “Ак-Тилек” ЖЧК ишканасы 2013-жылы түзүлгөн. Ишкананын кубаттуулугу жылына 15-18 тонна сүт азыктарын түзөт. Ишкана жергиликтүү фермерлердин чийки заттарын сатып алат. 2017-жылы сүт продукциясын өндүрүү көлөмүн жылына 80-100 тоннага жана тышкы рынокторго экспортту көбөйтүү үчүн 32,0 миң АКШ долларына жаңы жабдуулар сатып алынган.

“Иртыш” ЖЧК ишканасы 2012-жылы түзүлгөн. Ишкананын кубаттуулугу жылына 20-25 тонна сүт продукциясы. Ишкана жергиликтүү базарлар үчүн продукция өндүрөт жана чийки затты жергиликтүү дыйкандардан сатып алат. Келечекте сүт азыктарын жылына 50-60 тоннага чейин көбөйтүүчү жаңы жабдууларды сатып алуу пландалууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу