КР Экономика министрлигинде жаңы ишке кирген кызматкерлер ант беришти

Новости
17-Сентябрь 2020-ж.
2648

2020-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде мамлекеттик жарандык кызматка биринчи жолу дайындалган адистердин ант берүүсүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Конкурстан ийгиликтүү өтүп, кызмат орундарына дайындалган жаш мамлекеттик кызматкерлер, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, мыйзамдуулуктун жана акыйкаттыктын принциптерине берилгендик, өз милдеттерин аткарууда жана Кыргызстан элине кызмат кылууда абийирдүүлүк менен кызмат кылууга ант беришти.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисттери Майрамкул Исжановна Шеримбекова жана Насирдин Шамшиевич Шамшиев сөз сүйлөшүп, иштерине ийгилик каалашты.

Ошондой эле министрликтин жаш кызматкерлерине министрликтин түзүмү жана штаттык саны боюнча маалымат берилип, кадрлар бөлүмүнүн башчысы М.А. Хусаинова жана Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Н.К. Сыдыгалиева “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кызматкерлеринин жүрүм-турумунун этикалык нормалары” жана “Мамлекеттик кызматтагы кызыкчылыктардын кагылышуусун аныктоо жана алдын алуу жана министрликтин системасындагы коррупциянын алдын алуу чаралары” темаларында презентацияларды тартуулашты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу