Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т.Муканбетов “Астра Солар Технолоджис” ЖЧК ишканасына барды

Новости
17-Сентябрь 2020-ж.
2968

Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т.Муканбетов Чүй облусунун Орловка шаарында жайгашкан “Астра Солар Технолоджис” ЖЧК ишканасына барды. Бүгүнкү күндө “Астра Солар Технолоджис” ЖЧК Кыргызстан жана КМШда күн энергиясы рыногу үчүн HJT технологиясы боюнча монокристаллдык куймаларды жана пластиналарды өндүрүүчү жалгыз ишкана болуп саналат.

Аталган ишкана, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри К.А.Бороновдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлүп, министр куратор болуп дайындалган, кураторлук механизмин киргизүү ишканалардын ишине жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизүүчү маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берерин белгилей кетүү зарыл. 

Бишкекте өткөн Кыргыз-Россия регион аралык 8-конференциянын алкагында 2019-жылдын 28-мартында Россия Федерациясынын Внешэкономбанкынын катышуусунда күн энергиясы жаатындагы эки ишкана – “Астра” ЖЧКсы жана “Хевель” компаниялар тобу ниеттер жөнүндө Меморандумга кол коюшкан. Меморандумду ишке ашыруу максатында, 2019-жылдын 17-декабрында Москва шаарында “Астра” ЖЧКсы жана “Авелар Солар Технолоджи” ЖЧКсы (“Хевел” компаниялар тобу) тарабынан 10 жылдык мөөнөткө 500 миллион АКШ долл. Макулдашуу түзүлгөн.

Азыркы учурда, “Астра” заводунда “Авелар Солар Технолоджи” компаниясынан 2,7 миллион еврого жакын суммага монокристаллдык кремний пластиналарды өндүрүү технологиясын жөнгө салуу боюнча илимий изилдөө иштеринин комплексин жүргүзүүгө буйрутма берилди. Ушул максаттарга жетүү үчүн “Астра” ЖЧК тарабынан монокристаллдык кремний куймаларын өндүрүү үчүн Tiantong SIF 140 Singe Silicon Crystal Puller заманбап жогорку технологиялуу өсүш бирдигин жеткирүү ишке ашырылган.

Кремний монокристалл пластиналары - бул фотоэлектрдик күн модулдарын өндүрүүнүн баскычтарынын бири, N типтеги плиталар долбоордун максаттуу продукциясы болуп саналат.

Министр сапар учурунда долбоордун жүрүшү менен таанышты. Кыйынчылыктарды жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулаган жыйын өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги проблемаларды чечүү боюнча кадамдык иш-чаралардын планын иштеп чыкты.

Долбоорду ишке ашырууда 1-этапта персоналдардын санын 100 жумуш орунга, ошондой эле салыктык чегерүүлөрдү (КНСти эсепке албаганда) - 10 млн.сомго жеткирүү күтүлүүдө, 2-этапта персоналдардын санын 500 иш ордуна жеткирүү күтүлүүдө. Жыл сайын салыктык чегерүүлөр (КНСти эсепке албаганда)- 85 млн.сом.

                                                                                                                                               

Описание: http://www.astra-st.com/images/g5.jpg


Описание: http://www.astra-st.com/images/g3.jpg

Описание: http://www.astra-st.com/images/g4.jpg





Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу