Экономика министрлиги ишкерлерди сыйлоо жөнүндө жобону иштеп чыкты

Новости
16-Сентябрь 2020-ж.
2651

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ишкердик субъекттерин сыйлоо тартиби жөнүндө Жобону иштеп чыкты жана бекитти.

Аталган Жобо ведомстволук сыйлыктардын түрлөрүн белгилейт жана сыйлыкка көрсөтүү жана ишкердик субъекттерин алар менен сыйлоо тартибин аныктайт 

Сыйлыктар маанилүү даражасына жараша бөлүнөт жана төмөнкүдөй тартипте белгиленет:

  • Ыраазычылык кат;
  • Ардак грамота;
  • “Мыкты жаш ишкер” наамы;
  • “Ишкер аял” наамы;
  • “Жылдын ишкери” наамы - сыйлык статуэткасы түрүндөгү жогорку наам.


Сыйлыктардын түрлөрү сунушталып жаткан адамдын мүнөзү жана эмгек даражасына жараша аныкталат. Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнүндө жана башка маанилүү майрамдарда ыйгарылат.

Кезектүүлүк тартиби сыйлоодо таратылбайт. Жободо да жыл сайын тапшырылчу сыйлыктардын саны аныкталган (10дон 30га чейин).


Сыйлыктар экономиканы өнүктүрүүдөгү жана аны жөнгө салуу методдорун өркүндөтүүдөгү, мамлекеттик социалдык-экономикалык саясатты иштеп чыгуудагы жана жүзөгө ашырган, ишкердик жана инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө көмөктөшкөн, жаңы, алдыңкы бизнести ачкандагы, жаңы жумушчу орундарын түзгөндө кеминде 10 адамга иштөө жана жетишкендиктери үчүн берилет.


Сыйлыкка көрсөтүү укугуна бизнес ассоциациялар жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ээ боло алат. Документтерди кароо комиссиялык түрдө жүргүзүлөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу