Транспорт каражаттарын даярдоочунун кодун ыйгаруу (WMI-коду)

Новости
15-Сентябрь 2020-ж.
2393

ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү колдоого, өнүктүрүүгө жана ата мекендик бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө маани берүү менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору унаа чыгаруучуларга эл аралык идентификациялык кодду (VIN/WMI коду) берүү боюнча кызматтарды өздөштүрүп, көрсөтө баштады.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында “Кыргыз Унаа Курулуш” ЖЧКсы, “Ками Моторс” ААКсы ж.б. сыяктуу компаниялар тарабынан автотранспорт каражаттарын өндүрүү жөнгө салынууда.

Өз кезегинде КР ЭМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору белгилүү бир иштерди жүргүзгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн унаа чыгаруучуларга эл аралык идентификациялык кодду (VIN/WMI коду) ыйгаруу укугун алган. Ошондой эле, Автомобилдик инженерлер коому (Society of Automotive Engineers) тарабынан, Кыргыз Республикасы үчүн дүйнөлүк өндүрүүчү идентификаторуна (WMI) ылайык коддор берилген.

КР ЭМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору Эл аралык стандарттарга жана эрежелерге таянып, транспорт каражаттарын даярдоочуларга эл аралык идентификациялык коддорду ыйгаруу эрежелерин иштеп чыгып, бекитти.

Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө “Ками Моторс” ААКы биздин Борбордун кызматтарын көрдү жана натыйжада өлкөбүздө биринчи жолу аларга эл аралык идентификациялык код (VIN/WMI коду) берилди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу