Соода кызматкерлеринин күнү менен!

Новости
08-Сентябрь 2020-ж.
3537

Урматтуу Соода кызматкерлери!


Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Соода кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Бүгүнкү күндө соода ички дүң өнүмдүн түзүмүндө алдыңкы орунду ээлеген жана өлкөнүн бюджетине салыктык кирешелердин олуттуу бөлүгүн камсыз кылган ата мекендик экономиканын динамикалуу өнүгүп келе жаткан тармактарынын бири болуп саналат. Коронавирус пандемиясынын натыйжасында биздин өлкөдө да, дүйнө жүзүндө да түзүлгөн оор кырдаалга карабастан өз ишиңиздерди улантып, өлкөбүздүн жарандарын керектүү товарлар менен камсыз кылып, жаңы жумушчу орундарын түзүп, республиканын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жатасыздар.

Акыркы жылдары биз өлкөбүздө соода тармагы тез өнүгүп жаткандыгын байкоодобуз. Силердин жогорку кесипкөй ишиңиздин аркасы менен сооданын прогрессивдүү формалары, анын ичинде электрондук коммерция өнүгүүдө.

Соода кызматкерлеринин күжүрмөн эмгегинин жана кесипкөйлүгүнүн аркасында эң маанилүү социалдык милдеттердин бири - калктын товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгын канааттандыруу ийгиликтүү ишке ашат деп ишенем.

Сиздерге ден соолук, коммерциялык ийгилик, ишкердик демилгелерди, эртеңки күнгө туруктуулук жана ишенимдүүлүк каалайбыз.

Урматым менен,

Муканбетов С. Т.

КР экономика министри

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу