Ысык-Көл облусунун райондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселелери жөнүндө

Новости
07-Сентябрь 2020-ж.
4839

Ысык-Көл облусунун динамикалуу жана туруктуу өнүгүүсүн орто мөөнөттүү мезгилде камсыз кылуу максатында “Өнүгүүнүн 10 кадамы” региондорун өнүктүрүү программасынын жол картасын иштеп чыгуу пландаштырылууда. Аталган жол картасы калктын социалдык-экономикалык жашоосунун төмөнкү тармактары боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарын аныктаган негизги программалык документтер катары кызмат кылышы күтүлүүдө: 1) билим берүү, 2) шаарларды өнүктүрүү, 3) калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, 4) саламаттык сактоону өнүктүрүү, 5) экономика процессин санариптештирүү, 6) бюджетти түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, 7) айыл чарбаны өнүктүрүү, 8) экологиялык коопсуздукту камсыздоо, 9) туризмди өнүктүрүү, 10) коомдук коопсуздукту камсыз кылуу.

Аталган жол картасына киргизилен долбоорлор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун планы боюнча Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондунун, Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын, КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына караштуу микро кредиттик агенттигинин, эл аралык донордук уюмдардын жана башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.

Бул жол картасынын алкагында ишке ашырыла турган приоритеттүү долбоорлор райондук мамлекеттик администрациялар жана шаардык администрациялар тарабынан жергиликтүү жамааттардын пикирин эске алуу менен тандалып алынат.

Азыркы учурда бул маселе боюнча облустук мамлекеттик администрациялардын башчылары график боюнча презентацияларды өткөрүп жатышат. Бул иш чаралардын жүрүшүндө райондордун өкүлдөрү тарабынан тиешелүү долбоорлор жана жол картасынын долбооруна киргизүү үчүн артыкчылыктуу милдеттер сунуш кылынган. Тиркелген долбоорлор жана артыкчылыктуу милдеттер КР ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана башка мамлекеттик органдардын катышуусунда талкууланат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу