“Арзан турак жай 2015-2020” мамлекеттик программасынын, анын ичинде Германиянын банкы аркылуу “Турак жайларды каржылоо программасынын” алкагында арзан шарттарда турак-жай сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө калкка маалымат берүү максатында видео конференция өткөрүлдү.

Новости
04-Сентябрь 2020-ж.
3561

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жана 2019-жылдын 11-январындагы № 1 “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында, арзан турак жайды өнүктүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жүргүзгөн иштери тууралуу калкты колдоо жана маалымдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен биргеликте райондук мамлекеттик администрация башчыларынын жана шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда видеоконференция режиминде кеңешме өткөрүлдү.

Аталган кеңешменин негизги максаты жеткиликтүү шарттар боюнча турак-жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты калк арасында жайылтуу болуп саналат.

Региондорду өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын негизги милдеттеринин бири кабыл алынган “Арзан турак жай 2015-2020” мамлекеттик программасынын алкагында турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык кредит берүү жолу менен калк үчүн турак жай шарттарын түзүү жолу менен ички миграцияны азайтуу болуп саналат.

Ушуга байланыштуу республиканын региондорунда турак жай шарттарын мындан ары жакшыртуу артыкчылыктуу бойдон калууда, бул региондордун тургундары үчүн чоң мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жыйынында “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК менен биргеликте райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына жана шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө “Арзан турак жай 2015-2020” мамлекеттик программасынын алкагында ипотекалык кредитти алуу шарттары, анын ичинде Германиянын KFW Өнүктүрүү Банкы аркылуу турак жай фондун каржылоо программасы жөнүндө маалыматты жайылтуу сунушталган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК менен биргеликте тийиштүү маалыматтарды туруктуу негизде таратып турат.

Германия Өнүктүрүү Банкы KFW аркылуу турак жайды каржылоо программасы боюнча презентацияны көчүрүү..pdf

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу