Кыргыз Республикасынын экономика министири С.Т. Муканбетовдун "Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү" майрамына карата куттуктоосу

Новости
28-Август 2020-ж.
3480

Урматтуу кыргызстандыктар!


Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен сиздерди чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Жыйырма тогуз жыл мурун жаңы Кыргызстандын тарыхында жаңы баракча ачылып-кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы жарыяланды, мындан ары өз алдынча өнүгүү үчүн тарыхый тандоодон өтүп жаңы келечекке багыт алды. 

Өлкө эгемендиги ар бирибизге Кыргыз Республикасынын мындан ары жаңы жол менен жаңы үмүт менен мамлекеттүүлүгүн бекемдөөсүнө үмүт арттырды. 

Бүгүнкү күндө биздин улуттук экономика өнүгүүнүн туруктуу жолуна туруп келүүдө. Биз мындан ары да экономиканын реалдуу туруктуу өсүшү үчүн болгон күч аракеттерибизди жумшашыбыз керек, анткени ар бир кыргызстандык жакшы экономикасы өнүккөн өлкөдө жашоого үмүтү зор. 

Акыркы жылдары биз экономикалык жана социалдык реформаларды иш жүзүнө ашыруу менен социалдык багыттагы күчтүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруубуз зарыл, бул багытта жарандык коом биздин негизги таянычыбыз боло алат. Биздин максат-ар бир кыргызстандык жарандын тынч жана бейпил мамлекетте бакубат жашоосу.   

Дагы бир жолу Эгемен элдин Көз карандысыздык майрамы менен куттуктайм! Жалпы журтка тынчтык жана биримдик, бакыт жана бакубаттуулук каалайм! 


 Урматым менен,


Кыргыз Республикасынын 

Экономика министри                                                                             С.Т. Муканбетов

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу