БУУ Кыргызстанга коронавирустун кесепетин жеңип чыгуу үчүн сунуштарды берди

Новости
21-Август 2020-ж.
2077

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институту, Азия Өнүктүрүү Банкы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) биргелешип “Кыргыз Республикасындагы COVID-19: социалдык-экономикалык таасирин жана аярлуулугун баалоо жана саясаттын негиздүү чаралары”.

“Бул изилдөө эл аралык эксперттердин, илимий мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын илимий коомдорунун коронавирус пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин жана теориялык сунуштарын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен аракеттеринин натыйжасы деп эсептейбиз”, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов. 

Отчетто глобалдык, региондук жана локалдык макроэкономикалык соккулар Кыргыз Республикасынын калкына, анын ичинде формалдуу эмес сегменттерге, эмгек рыногуна, шаардык жана айылдык райондордогу адамдарга жана аялуу топторго таасирин тийгизери баяндалат. Анда жакырчылык жана азык-түлүк коопсуздугуна социалдык-экономикалык таасир, ошондой эле мамлекеттик саясаттын жетиштүүлүгү талкууланат.

Туризм, соода, турмуш-тиричилик кызматтары жана курулуш сыяктуу экономиканын негизги тармактарында болжолдонгон олуттуу жоготуулар шаардын формалдуу эмес жумушчуларына зыян келтириши күтүлүүдө, алардын көпчүлүгү социалдык коргоонун эч кандай түрү менен камсыздалбайт. Жүргүзүлгөн баалоо микродолбоорлордун, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн пандемиянын социалдык-экономикалык таасирине өзгөчө аялуу экендигин көрсөттү.

Бул кырдаалды жумшартуу үчүн баалоодо саясат чаралары үчүн комплекстүү сунуштар түзүлгөн алар, аялуу коомчулуктары үчүн саламаттыкты сактоо кызматтарына инвестицияларды көбөйтүү, чакан бизнести колдоо, эмгек мигранттары үчүн алар иштеп жаткан өлкөлөрдөгү гендердик багыттагы гуманитардык жардамдарды камсыз кылуу, жаңы аялуу топторду камтыган социалдык коргоону кеңейтүү: жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Кыргыз Республикасы коронавирус оорусунун (COVID-19) пандемиясынан келип чыккан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү саламаттык сактоо системасын чыңдоо, социалдык коргоону, жумуштуулукту кеңейтүү жана өкмөттүн пандемияга каршы чараларынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүү жолу менен чече алат.

“Пандемия – бул өнүгүү кризиси. Ал Кыргыз Республикасынын элинин экономикалык түзүлүшүн жана келечегин түп тамырынан өзгөрттү жана аялуу адамдардын санын көбөйттү. Отчет ар кандай аспекттерди камтыйт жана өлкөнүн кандай жапа чеккендиги жөнүндө толук түшүнүк берет. Азыр туруктуулукту бекемдөөгө жана адамдардын жакырчылыгынын алдын алууга, ошондой эле экономикалык тармактарды чыңдоонун жана фискалдык туруктуулукту калыбына келтирүүнүн жаңы жолдорун табууга көңүл буруу керек. БУУ, БУУӨП системасынын башка агенттиктери менен бирге жумушчу орундарын түзүүнүн жана социалдык биримдикти чыңдоо үстүндө иштейт, ошол эле учурда, Өкмөттүн “мурункуга караганда калыбына келтирүү жакшыраак” жана туруктуу өнүктүрүүнү тездетүүгө багытталган стратегияларды издеп колдойт” - деп БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен билдирди. 

“Бул отчетто так сунуштар камтылган, алар ыйгарым укуктуу органдарына туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүү үчүн жана эч кимдин көңүл сыртында калбашы үчүн түзүмдүк жакырчылыкты жана теңсиздикти кыскартуу максатында узак мөөнөттүү калыбына келтирүү стратегиясын иштеп чыгууга жардам берет. Кыска мөөнөтөгү баалоонун жыйынтыктары Өкмөт тарабынан негизделген чечимдерди кабыл алуунун деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтөт, ал бардык өлкөнүн калку үчүн COVID-19 менен шартталган бузулуулардын кесепетине каршылык көрсөтүүгө жараша болот” - деди Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДэйган. 

Баалоодо сурамжылоолордун жыйынтыктары жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, БУУнун калкты жайгаштыруу жаатындагы фонду, Азия-Тынч океан региону үчүн БУУнун Экономикалык жана социалдык комиссиясы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Эл аралык эмгек уюму, миграция боюнча Эл аралык уюм, БУУНУН Балдар фондусу (ЮНИСЕФ), Гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча БУУнун түзүмү, БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму, ошондой эле Кыргыз Республикасында эки тараптуу жана көп тараптуу уюмдар сыяктуу өлкөлүк тобун кошкондо Кыргыз Республикасында Өнүктүрүү боюнча агенттиктердин кошкон салымы колдонулду.

БУУ системасы COVID-19 каршы чаралардын алкагында БУУӨП Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо секторун колдоо жана өлкөдө пандемиядан кийин туруктуу калыбына келтирүү үчүн өз ишин жөнгө салуу аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн 2,8 млн. АКШ доллары суммасында жардам көрсөттү. 

АӨБ Кыргыз Республикасына COVID-19 таасирин жумшартууга, ден соолукка жана социалдык-экономикалык кырдаалга бюджеттик колдоо катары 2020-жылдын май айында 50 миллион АКШ долл. өлчөмүндө, андан соң июнь айында 20 млн. АКШ долл. саламаттык сактоо секторун бекемдөө үчүн өзгөчө жардам катары колдоо көрсөткөн. Апрель айында АӨБ 200,000 миллион АКШ долларын, андан соң 800,000 миллион АКШ долларын Кыргыз Республикасында кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүгө, медициналык багыттагы буюмдарды жана жабдууларды сатып алууга жардам берүү максатында бекиткен.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу