“Ишкердик субъекттерди каржылоо” ПРОГРАММАСЫ боюнча маалымат

Новости
19-Август 2020-ж.
5171

Экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүү жана камсыздоо, коронавирус тараган шартта ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 токтому менен “Ишкердик субъекттерди каржылоо” Программасы бекитилген. “Ишкердик субъекттерди каржылоо” программасы, ишкерлердин төмөнкү тармактарындагы айрым коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген насыяларды колдоого багытталган:

- туризм, мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле дүң-чекене соода;

- жеңил өнөр жайы, текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, тери жана башка тери буюмдарын өндүрүү;

- фармацевтика өнөр жайы;

- жүк ташуу, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр;

- өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканалардын ишине, анын ичинде агроөнөр жайга дем берүү;

- кен казуу өнөр жайынан тышкары кайра иштетүүчү өнөр жайы жана экономикалык иштин башка чөйрөлөрү;

- резина жана пластмасса буюмдарын, башка минералдык продуктуларды өндүрүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Программага ылайык Коммерциялык банктарга жана чакан финансылык уюмдарга (мындан ары - ЧФУ) керектөөчү кредиттерден тышкары, тармактар боюнча чектөөсүз түрдө, күрөөсүз негизде чакан ишкердикке кредит берет.

2020-жылдын мартына чейин оң кредиттик таржымалга ээ болгон шартта ишкердиктин бир субъектисине 30 млн. сомдон ашык эмес кредиттик каражаттар берилет.

Программа 2020-жылдын июль айында иштеп баштаган.

Кредит алуу үчүн негизги талаптар жана категориялардын мүнөздөмөсү:

1. Кыргыз Республикасынын резиденти.

2. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда тиешелүү түрдө каттоодон өткөн жеке ишкерлер, чакан, орто, ири ишкерлер/ юридикалык жактар.

Программага катышуучу банктар:

  1. “Кыргыз-Инвестициялык Банкы” ЖАК
  2. РСК БАНК” ААК
  3. “Бай түшүм” ААК
  4. Оптима Банк” ААК
  5. Комерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” ААК
  6. “Азия Банкы” ЖАК
  7. Айыл Банк” ААК
  8. ФинансКредитБанк” ААК
  9. Бакай Банк” ААК
  10. ХАЛЫК БАНК КЫРГЫЗСТАН” ААК

Кредиттер коммерциялык банктарга жана Программаны ишке ашырууга катышкан МФУларга төмөнкү шарттарда берилет:

Категориялар

ставка

1-чи субъекттин мөөнөтү жана кредиттин максималдуу суммасы 

1.

Негизги каражаттарды сатып алуу, жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо үчүн

жылына 6 % 

5 жыл

30 млн. сомго чейин

2.

Чийки зат, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн

жылына 10 % 

жыл

20 млн.сомго чейин

3.

Салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, ККМ, товарларды маркировкалоо) колдонгон чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан негизги каражаттарды сатып алуу, жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо, товарларды, чийки зат, комплекттөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн 

жылына 4 %

жыл

10 млн.сомго чейин

4.

Өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканалардын кредиттерин кайра каржылоо үчүн: 

жылына 11,0 % 

жыл 

20 млн.сомго чейин

5.

Чакан ишкерлер үчүн микрокредиттөө (Бул категория жакында иштелип чыгат)

жылына 14,0 % 

12 ай

150 мин сомго чейин

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу