Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча (онлайн режиминде өткөрүлгөн) Кеңештин жыйынтыгы

Новости
07-Август 2020-ж.
1965

2020-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т. Муканбетовдун төрагалыгында, кеңештин мүчөлөрү - мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жетекчилеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

“COVID-19 шарттарында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү чечүү жолдору” күн тарби менен онлайн режимде өткөрүлгөн Кеңештин жыйыныда КР Экономика министри - Кеңештин төрагасы жана Г.Т. Ускенбаева – Кеңештин тең төрагасы сөз сүйлөштү.

Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө Кеңештин Катчылыгынын 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Макулдашууда каралган жаңыланган иш-чаралар планы боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматы каралды, ошондой эле соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңештин жумушчу топторун активдештирүү жана күчөтүү жолдору сунушталды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу